No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 01.06.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Ысык-Көлдүк кыз-жигит өз өмүрлөрүнө кол салып каза болушту

Ысык-Көл облусундагы  турак үйдөн 29-ноябрда жаш кыздын асылып турган жансыз денеси табылган. Анын өздүгү такталып, Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде 1999-жылы төрөлгөнү аныкталган.  Кийинчерээк маалым болгондой, ал Караколдогу медициналык колледждин дарылоо факультетинде 2-курста билим алып жаткан.

Азырынча анын өз өмүрүнө кол салуусуна байланыштуу маалыматтар белгисиз. Маркум кыз, 1-декабрда айылында акыркы сапарга узатылды.

Анын эртеси, тактап айтканда 30-ноябрда ЖАМКтын Коргоо жана конвоирлөө департаментинде аскердик милдетин өтөп жүргөн жигиттин жансыз денеси табылган. Окуя Беловодск айылындагы түзөтүү абагында болду.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулаймановдун айтымында, маркум өзүнө ок атып көз жумган. Жигиттин акыркы катындагы маалыматтардын негизинде сүйлөшкөн кызы айылында асынып көз жумгандан кийин мындай кадамга барганы болжолдонууда.

Tur­mush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирген маалымат боюнча, 29-ноябрда каза болгон кыз менен 30-ноябрда көз жумган жигит кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Экөө айылдаш болушат. Учурда бул окуяларга байланыштуу тактоо, териштирүү иштерин тиешелүү органдардын өкүлдөрү жүргүзүп жатышат.

Марал фм

Tags: жигиткызКыргызстансуицид

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Кыргызстане предлагают разрешить школам шестидневную учебную неделю

30.05.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане создано Национальное агентство по блокчейну и виртуальным активам

30.05.2026
Безопасность

Путин объяснил свои слова о скором завершении украинского конфликта

30.05.2026
Новости

Россия пересмотрит экономические отношения с Арменией при выходе из ЕАЭС

30.05.2026
Новости

В ЕАЭС выступили за референдум по вопросу вступления Армении в ЕС

30.05.2026
Аналитика

ЕАЭС делает ставку на искусственный интеллект как основу новой экономической модели

29.05.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане предложили штрафовать за «скручивание» пробега автомобилей

29.05.2026
Uncategorized

Кыргызстан усиливает «сомизацию» экономики в рамках ШОС

29.05.2026
Кыргызстан

ШОС делает ставку на «зелёные» финансы - Кыргызстан предложил новую модель сотрудничества

29.05.2026
Новости

Зеленский пожаловался на попытки Запада ограничить разработку украинской баллистики

29.05.2026
Кыргызстан

Касымалиев заявил о масштабной цифровой трансформации Кыргызстана

29.05.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире