Ысык-Көлдө Азия Кубогу жана Борбор Азия триатлону боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Борбор Азиядагы триатлон Федерациясы билдирди.
Мелдеш Чолпон-Ата шаарында 29-30-июнунда 2019-жылы эс алуу борборлорунун биринде өтөт. Спортчулар “Олимпик” аралыгындагы сүйүүчүлөр үчүн категориясында “AGE” (1,5 километр сууда сүзүү, 40 километр вело жарыш жана 10 чакырымга чуркоо өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө).
Ошондой эле иш-чаранын алкагында командалар үчүн эстафета өткөрүлөт, алар, сүзгүч, чуркоочу жана велосипед айдоочулардан турат. 12, 16 жашка чейинки балдар дагы катыша алышат. Алар үчүн атайын аралык “Супер-спринт”, анын жаш спортчуларга 300 метрге сүзүү, 8 чакырым вело жарыш жана 2 километрге чуркоо өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө.