No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 15.02.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Түштүк тосмо. Кыргызстан чек арасын бекемдей баштады

28.11.2018

Орто Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн Ооганстан менен чектешкен чек ара тилкелери өтө кооптуу абалда турат. Түркмен жана Тажикстан чек араларына жакын жерде 10 миңден ашуун терорристердин тобу пайда болду. Ал тараптан Кыргызстан менен Казакстан жана Өзбекстанга кол сунса жеткидей эле алыстыкта. Аскердик эксперттердин айтымында, ИМ тобунун мүчөлөрүнүн максаты, Фергана өрөөнүнүдө диний, улуттук чыр чыгарып, бүткүл регионду дестабилдештирүү.

Жогоруда айтылган терорристик топтордун эмиссарлары көптөн бери Орто Азиядагы согуш планын ишке ашырууга аракет кылып келишет. Билим төмөн, алсыз жаштардын мээсин айлантып, динге чакыруу шылтоосу менен өздөрүнө тарткан терорристк топтор максатына жетип, орто азия өлкөлөрүнүн жаштары Сирия менен Ирактагы согушка катышып келишти. Алар согуштук тажрыйба топтоп үйлөрүнө кайтып келишти. Эми бул легион, Жакынкы Чыгыштагы ИМ тобунун жеңилүү ызаасынан кийин, көңүлдөрүн Орто Азияга буруп, чек арада бычактарын курчутушууда.

Баарынан дагы коркунучтуусу, эгерде терорристик топтор согуш ачып кирип келсе, өлкөнүн ичинде уктап жаткан терорристик ячейкалар ойгонуп, аларга жардам берип, өлкөнү ичтен согушка матыра баштайт. Мындай жоромолду Кыргызстандын атайын кызматы дагы далилдеди. Атайын операциянын жыйынтыгында, Кыргызстанда чоң терорристик уюмдардан курал жарак жана каражаттык колдоо алган ячейкалар табылган.

Кыргызстандын ИИМдин 10-кызматынын маалыматы боюнча, КМШ жана ОДБК  өлкөлөрүнүн аймагында конституциялык түзүмдү терорристик жол менен бузууга аракет кылган 50 дөн ашык топтор бар. Айрыкча Кыргызстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен түштүк аймагында бул топтор өтө активдүү. Ферганалык казан катары бааланган бул регионду терорристер мурдатан эле бутага алып, Халифат түзүүнү пландап келишет.

Күч кызматкерлери мунун себеби, жаштардын билими жоктугу жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн терорристик уюмдарга кошулушу менен пайда болду дешет.

Бул кырдаал Кыргызстанды Ооганстан тарапка жакын чек ара аймактарын бекемдөөгө түртүүдө. Жазында Сочидеги жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн түштүгүндө ЖККУнун аскерий базасын түзүү боюнча маселе  көтөрдү.   .

«Өзүңүздөр билгендей эле, Кант шаарында Оруссиянын авиациялык базасы бар. Биздин аскердик күчтөр менен бирге өлкөнүн асмандагы коопсуздугун камсыздап турат. Биздин өлкөнүн түштүк аймагында дагы бир аскердик базаны түзүү сунушу бул ооган тараптан терорристик, экстремистик жана наркотрафиктик коркунучтарды жөнгө салып, алдын алуу болуп саналат. Ошону менен катар эле, биздин аскердик күчтөр менен ЖККУ өлкөлөрүнүн аскердик күчтөрүнүн байланышын жакшыртат эле», - деген президент Жээнбеков.

Эксперттердин айтуусу боюнча, Кыргызстандын башчысынын бул сунушу азыр деле актуалдуу жана геосаясий терорристик коркунучтардын фонунда бул маселел тезинен оңунан чечилип калышы мүмкүн. Атүгүл керек болсо, ЖККУнун аскердик базасы ылдам түзүлүп, заманбап курал жарактар менен камсыздалып, согуштук даярдыкка тез эле келтирилиши мүмкүн. Буга кошумча Кыргызстандын армиясы Орусиядан 2 млрдга бааланган аскердик обмундирования, байланыш каражаттары, заманбап атуучу курал, жардыруучу жана жардырууга каршы брондолгон унааларды жана аскердик-техникалык жардам алды.

Кыргызстандын алсыз делген, терорристердин кирип келүү багытындагы чек ара тилкелеринде өлкөнүн ички каражаттары менен бекемделүүдө. ИИМ тарабынан Баткен облусунда атайын аскердик база түзүлдү. Бир канча гектарды түзгөн казарма курулуп, спорттук машыгуу талаасы, атайын согушка ыкчам даярдык көрүүгө багытталган машыгуу полигону, госпитал жана башка курулуштар даярдалды. Чек ара өтмөктөрү бекемделди. Бул жерге атайын кызматтаны отрядтарын жайгаштырса да болот.

Баткенлеги аскердик база, Ооганстан тараптан же болбосо Тажикстан тараптагы терорристик чабуул болсо, ага каршы коюга өбөлгө боло алат.

Tags: афганистанБаткенИГИЛКыргызстанТаджикистантерроризмэкстремизм

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Кыргызстане внедрят Систему быстрых платежей

14.02.2026
Безопасность

СМИ: Пентагон готовит планы длительной кампании против Ирана

14.02.2026
Новости

Представитель США в НАТО заявил о продвижении России на фронте

14.02.2026
Безопасность

Рютте заявил о новой схеме военной помощи Украине

14.02.2026
Кыргызстан

Посол РФ рассказал о планах «Газпрома» по газификации Кыргызстана

14.02.2026
Кыргызстан

Повторные выборы в 13-м округе отменены

14.02.2026
Кыргызстан

Касымалиев заявил о росте товарооборота с Таджикистаном в 24 раза

13.02.2026
Кыргызстан

МЧС КР ведет переговоры о покупке вертолетов в Южной Корее

13.02.2026
Безопасность

Президент США допустил переход ко «второй фазе» в отношении Ирана

13.02.2026
Кыргызстан

Президент опроверг разделение на «команду Жапарова» и «команду Ташиева»

13.02.2026
Безопасность

Зеленский заявил, что предпочтет борьбу невыгодному миру с Москвой

13.02.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире