Мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, үзгүлтүксүз электр камсыздоо үчүн 12 турак жай массиви 60 миллион сомго жакын каражат сарпталат.
Жумуш «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Ак-Ордо», «Ак-Оргө», «Ак-Бата», «Эне-Сай», «Дордой», «Ак-Тилек», «Кайынды», «Рухий-Мурас», «Мурас-Ордо» жана «Учкун» жаңы конуштарында жүргүзүлөт.
Мэрия 35 трансформатордук көмөкчордонду орнотуп, 35 чакырымдан ашык жогорку вольттогу зымдарды орнотууну пландаштырган. Электр менен жабдууну камсыз кыла турган бардык объектилер боюнча тендерлер жарыяланды жана бардык зарыл документтер даяр.
Иштөө «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо», «Рухий-Мурас», «Учкун» жана «Кайнынды» конуштарында башталган.