Өзгөн районун УВД Пресс-борбору маалымдагандай көмүр кычкыл газы менен эки аял ууланганы жөнүндө маалымат берди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Өзгөн шаардык ооруканасында эки адам кычкыл газ менен ууланып натыйжасында эки аял ооруканага 1981-жана 1983-жылы төрөлгөн аялдар эже-сиңдилер болгон.
Кичүү сиңдисин дарыгерлер сактай албай калышкан, а эжесине медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Өзгөн ооруканасынын башкы дарыгери Сатар Жусупов жабырлануучунун абалы жөнүндө комментарий берди: “интенсивдүү терапия бөлүмүнө кечинде 12-январда, кечки төрт жарымда, кычкыл газга ууланган эки аялды алып келишкен. Бирөөсү, ооруканага жетпей каза болуп калган. Экинчиси оор, бирок туруктуу абалда турат. Азыркы учурда, дарыгерлердин карамагында.
ИИМ кызматкерлери маалымдагандай, эже-сиңдилер Өзгөн шаарында, “Азим-Ата” кафесинде иштеген деп айтышкан. Алар, Көлдүк айылынын тургундары. Тергөө иштери уланууда, окуянын чоо-жайы белгисиз.
Сүрөт: aif.md