Ысык-Көл областынын ООБДД МВД КР министрлиги белгилегендей, жылдын биринчи күнүнөн тарта жол эрежесин бузгандар үчүн айып пул акысы жогорулайт. Кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер же жол эрежесин билбегендигине карабастан айыпка тартылат. Ушуга байланыштуу, дем алыш күндөру МАИ кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин алдын алуу менен байланышкан эскертүү иштерин жүргүзүшөт.
Бул иш-аракеттер, майрам убагында жол-эрежелирин бузуулардан жана кырсыктардын санын азайтуу жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн керек.
Ошондой эле айыпкер белгиленген убакта КР кодексинин 29 ст беренесине ылайык айып пулду төлөй албай калса, же өткөрүп жиберсе ал адамдарга бир күнгө жалпы суммасынын 0,05 пайыз өлчөмүндө акчалай айып салынат. Бул өзүн-өзү башкара билүү жана өз убагында төлөөнү үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле жаңы мыйзам бузууларга жол бербөө деп айтылат.
Сүрөт: vesti.kg