Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы жыл майрамына карата жети күн эс алууну сунуштады. Анда жылдын жаңырышына карата 2018-жылдын 30-31-декабры жана 2019-жылдын 1-2-январы иш күнү эмес деп белгиленет.
Министрликтин жаңы токтомуна ылайык, 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январь күндөрү, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.
25-февраль эс алуу күнү 23-февраль майрам болгондуктан 2-январдагы иш күнгө жылат;
8-апрель эс алуу күнү 7-апрель эс алуу күн болгондуктан 3-январдагы иш күнгө өтөт;
2-сентябрдагы эс алуу күнү 31-август майрам болгондуктан 4-январдагы иш күнгө жылат;
6-май эс алуу күнү 5-май майрам болгондуктан 10-майдагы иш күнгө жылат.
Бул токтом долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкуу үчүн жарыяланды.