Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 2019-жылга өндүрүш календары бекитилген буйрукка кол койду.
Бул тууралуу министрликтин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Алсак, Кыргызстанда 14 майрам дем алыш күндөрү бекитилген:
• 1 январь-жаңы жыл;
• 7 – январь- Рождество;
• 23 февраль-Ата-Мекенди коргоочулардын күнү;
• 8 – март-Аялдардын эл аралык күнү;
• 21 – март-Нооруз;
• 7 апрель-Элдик Апрель революциясы күнү;
• 1-Май-Эмгек майрамы;
• 5-май-Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
• 9-май-Жеңиш күнү;
• 31-август – Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү;
• 7 жана 8-ноябрь-Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү;
– Курман айт-айга карап такталат.
Эмгек министрлигинен эскерткендей, эгер майрам дем алыш күнгө туура келип калса, кийинки күнгө жылдырылат. Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү рационалдуу пайдалануу үчүн Өкмөт дем алыш күндөргө которууга укуктуу.
Сүрөт: holiday-calendar.com