Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 1 килограммдан ашык баңгизат ташыган эркек кармалды. Бул маалыматты 17-апрелде ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
16-апрелде 2019-жылы Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкек – Ош жолунда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында «Toyota» үлгүсүндөгү авто унаа кармалган.
Авто унааны 32 жаштагы А.А. аттуу, Чүй облусунун тургуну башкарып бараткан. Тинтүүнүн жүрүшүндө, жеңил авто унаанын салонунан баңгизат «гашиш» табылган. Ал 100 күкүрттүн кутучалына салынган. Алынган баңгизаттын салмагы 1,145 кг түзгөн.
Бүгүнкү күндө андан ары тергөө-ыкчам иштерин белгилөө боюнча жана өздүгүн тактоо, жана башка адамдардын бул кылмышка тиешеси такталууда.
Кылмыш фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.