Социалдык тармактарда “Жалал-Абад шаарындагы Чехов көчөсүнө асфальт төшөө туура эмес жүргүзүлүп жатат” деген видео талкууланууда.
Иштин жүрүшүн жергиликтүү тургун Мирбек Уметалиев тартып алган. Анда тегизделген шагылдын үстүнө битум чачылбастан асфальт төшөлүп, жол куруу эрежелери сакталбай жатканы көрсөтүлгөн. Автордун билдирүүсүнө ылайык, асфальт төшөөдө битум отчёт үчүн гана кээ бир жерлерге өтө аз өлчөмдө чачылып, мындан улам анын үстүнөн төшөлгөн каражат жабышпай калат.
Мындан кийин андагы жол куруучуларга жана аларды көзөмөлгө албагандыгы үчүн шаар бийлигине карата сын-пикирлер жаай баштады. Айрым интернет колдонуучулар “жолду сапаттуу салбоо – акчаны асманга чачуу” деген пикирин жазышууда.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Жалал-Абад шаардык мэриясынан жооп алды.
“Жай айынан бери кеңейтилип жаткан Чехов көчөсү асфальтталып, аяктоо этабына келип жетти. Бул көчөнү реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 28 миллион сом акча каражаты каралган. “ВавилонМаркет” аттуу курулуш компаниясы тендерден жеңип, ишти 21 миллион 200 миң сомго жеңип алган.
Ал эми куруучулар иштин сапатына кепилдик беришерин, бүтө элек иштен кемчилик издеген туура эместигин айтышат. Интернет желесинде жарыяланган видеодо жолго төшөлчү жабышчаак суюктуктун ошол жерде эритилип жатканы, күндүн суугуна карабай жол куруп жаткандар сынга алынган. Суюктукту ысык кезинде жолго пайдалануу үчүн аны иш ордунда эле эритүү зарыл болгон. Азыркы тапта мында 6 техника жана 21 жумушчу күнү-түнү иш алып барууда”, – деп айтылат мэриянын маалыматында.
Ал эми шаар тургундары ушул эле жылдын октябрь айында шаардын Пушкин көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу бөлүгү сапатсыз курулганын, шаар бийлигинин кийлигишүүсү менен ал жерлерге кайрадан асфальт төшөлгөнүн айтышып, бул абал кайталанбаса деген тилекте аракет кылып жатышканын кошумчалайт.
Айта кетсек, жол куруу иштери аяктагандан кийин эксплуатацияга берилерден мурун Мамэкотехинспекция жана тиешелүү мекемелер аралык комиссия текшерүүдөн өткөрөт.