Жалал-Абадда жергиликтүү телеканалдын директору Санрабия Сатыбалдиеваны бычактап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 9-ноябрда саат 10:30дар чамасында болгон.
“Санрабия үйүнөн чыгып бара жатканда бейтааныш адам “сен жөн жүрө албай калгансыңбы” деп коркутуптур. Санрабия токтобой эле алдынан өтүп баратканда жолун тоскон киши бычакты шилтеп жиберет. Бычак жүрөккө тушталган окшойт. Бирок сол колуна кириптир. Бейтааныш адам ошол жерден качып кетиптир. Санрабия болсо үйүнө кайра чыгып барган. Анын айтымында, бычак сайган адамдын бою узун болуп, көрүнүшүнөн камалып чыккан адамга окшош болгон”, – деп айтышты жабырлануучунун жакындары.
Жакынынын айтымында, Сатыбалдиева учурда ооруканада. Окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз жазылган.
Санрабия Сатыбалдиева буга чейин Жалал-Абаддагы бир нече гезиттерде иштеп келген. Жакында эле жеке телеканалын ачып, облустагы мыйзамсыз иштер боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.
Супер инфо