Кыргыз РеспубликасынынЖазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Улуттук борбордун директоруна, кыйноолордун алдын алуу боюнча башчы Нурдин Сулайманов менен жолукту. Бул жаңылыкты ЖАМКнын пресс-кызматы таркатты.
Жолугушууда өткөрүлүп жаткан долбоорлор талкууланды, ошондой эле биргелешип иштөөнүн келечектүү багыттары каралды.
Анын ичинде маектештер түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда адам укуктарын коргоо тармагында кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндөгү маселелерди козгошту.
“Биргелешкен иш чараларда жарандарыбыздын укуктарын коргоого багыт алуу зарыл. Жазык – аткаруу тутумунда соттолгондордон тышкары айыпталуучулар, шектүүлөр жана соттолуучулар кармалыпган”, – деди ЖАМКнын төрагасы.
Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча катышуучулар тарабынан ишкердик байланыштарды мындан ары жөнгө салуу жана чыңдоо, ошондой эле адам укуктарын коргоо тармагында кызматташуу тууралуу бир добуштан чечим колго алынды.