Бүгүн башталган жылдык жазгы жарымарафон “Бакай Банк Жаз Деми”, анын байге фонду 192 миллион сомду түзөт.
Бул акчанын бир бөлүгү кайрымдуулукка өтөөрүн эскерте кетели. Тактап айтканда, көзү азиздер үчүн тростор сатылып алынат. Жарымарафон салт боюнча “Манас” аэропортуна кеткен унаа жолунда башталып, “Аска-Таш” мемориалдык комплекстен бүтөт.
Уюштуруучулар аталган иш-чара спортту жайылтуу максатында өткөрүлүп жатканын билдиришти.
“Жарышка кесипкөй жана ышкыбоз катары 1 500 адам катышат. Өткөн жылы 800 болгон. Бардык үч алыстык-5, 10 жана 21 километрге. Эртең менен 100, 200 жана 500 метрге жакын балдарга атайын чуркоо болуп, 100 бала катышкан”, — дейт уюштуруучулар.
Ошондой эле, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.
Сүрөт: m.ru.sputnik.kg