No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Суббота, 06.06.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөө мөөнөтү узартылды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин жана ишкананы модернизациялоого кеткен 386 миллион кытай насыясын пайдалануу боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөө мөөнөтү узартылды.

Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу 13-ноябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, иликтөөнүн узартылышы жана иштин создугуп жатышы экспертизанын жүргүзүлүп жатканы менен байланыштуу. Экспертиза бүткөндөн кийин материалдар сотко жиберилет.

ЖЭБдеги кырдаал боюнча жалпы төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилери, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат.

Кылмыш иштеринин бири Биринчи май райондук сотунда 12-октябрдан тарта карала баштаган.

Бул иш боюнча «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын орун басары Нурлан Садыков, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев,орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов баштаган энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кездеги жетекчилери айыпталууда.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан.

Булак Азаттык

Tags: ЖЭБкоррупцияТергөө

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

Кыргызстан и Беларусь подписали соглашения на 5 млн долларов

05.06.2026
Кыргызстан

Беларусь и Кыргызстан намерены увеличить товарооборот до 500 млн долларов

05.06.2026
Кыргызстан

Путин и Мирзиёев дали старт строительству первой АЭС в Узбекистане

05.06.2026
Безопасность

США могут отказаться от размещения ракет Tomahawk в Германии

05.06.2026
Кыргызстан

Жапаров выступил за реформу санкционной политики ООН

05.06.2026
Новости

Зеленский выступил за личные переговоры с Путиным

05.06.2026
Коррупция

Адвокат и его сообщник задержаны по подозрению в мошенничестве на $300 тыс

05.06.2026
Безопасность

Запад использует Украину как полигон для проверки вооружений - Захарова

05.06.2026
Кыргызстан

В рамках операции «Нелегал-ОДКБ – 2026» в Кыргызстане оштрафовали десятки иностранцев

05.06.2026
Новости

Венгрия сняла блокировку переговоров о вступлении Украины в ЕС

05.06.2026
Аналитика

Как ШОС и ЕАЭС меняют экономическую модель Кыргызстана

04.06.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире