Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. “Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары да экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берерине терең ишенем”, – деп жазылат куттуктоо телеграммасында.
Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат деген тилегин да айткан.
28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер, 66 жаштагы Саломе Зурабишвили 59,5% менен жеңишке жеткен. Грузиянын тарыхында биринчи жолу аял киши бийлик башына шайланды.