Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коопсуздукту камсыздоого байланыштуу бир катар маселелерди чечүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ролун жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал Ашхабадада өткөн КМШга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынынын учурунда билдирди.
Президент маанилүү пункттар менен чек ара коопсуздугу жана мамлекеттик чек араны кайтаруу тармагындагы кызматташтыкты атады.
«Биздин атайын кызматтарыбыздын бүгүнкү коркунучтарга жана кыйынчылыктарга каршы туруу боюнча өз ара аракеттешүүсүн өстүрүүнү сунуш кыламын», – деди ал.
Ошондой эле Жээнбеков КМШга катышуучу-өлкөлөрдүн аскердик кызматташтык концепциясынын турмушка ашырылышы кийинки жылга чейинки мамлекеттер үчүн биринчи кезектеги милдеттерден болуп саналарын билдирди.
«Концепция аскер кызматкерлеринин аскердик жана аскердик-техникалык өз ара байланышын бекемдөөгө мүмкүндүк берет», – деп кошумчалады ал.