Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуунун жыйынтыгын чыгарды. Ошондой эле ал эми мамлекет кайсы тармактарда кызматташарын айтты.
Эске салсак, Нарендра Моди Кыргызстанда расмий сапар менен Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча келген.
Буга чейин Жээнбеков республикада Индия киносунун фестивалын өткөрүүгө сунуш кылып, 2021-жыл Кыргызстан менен Индиянын достугунун жылы деп жарыялоого чакырган.
Жээнбеков билдиргендей, өлкөлөр энергетика, айыл-чарба, тоо-кен тармагында кызматташууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө макулдашышты.
Ошондой эле индиялык тарап Кыргызстанга жеке бизнести өнүктүрүүгө 200 миллион доллар берет деп билдирди.
Индиянын Премьер-министри ал Бишкекте болуу менен Жээнбеков менен жолугушканыбызга кубанычтамын деп айтып өттү өз кезегинде.
“Мен сезип жатам биздин маданиятыбыз окшош деп эсептейм. Индия жана Кыргызстан достук мамиледе, кылымдар бою маданияты менен жакындыгын чагылдырат. Биз дээрлик эки тараптуу мамилелердин бардык тармактарында кызматташабыз. Биз мамилелерди стратегиялык кызматташтык деңгээлине көтөрүүгө макулдаштык. Биз ошондой эле аскердик-техникалык жагынан кызматташып жатабыз. Индия насыя багыты боюнча жеке бизнести өнүктүрүүгө жана индиялык компаниялардын кыргыз экономикасына тартылышын жогорулатууга 200 млн доллар берет”, – деди Нарендра Моди.