Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ооганстандын биздин мамлекеттеги элчиси Мохаммад Иссы Месбах менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, президенттин басма-сөз кызматы билдирет.
“Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу орун алды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Президент эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө ооган элчисинин салымын белгилеп, Ооганстан менен болгон мамилелерди бекемдөө биздин өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле
Жээнбеков акыркы эки жылда Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы мамилелер динамикасы оң багытта өсүп жатканын баса белгиледи.
Президент элчиге чың ден-соолук жана анын ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Мохаммад Иссы Месбах өз кезегинде өзүнүн дипломатиялык кызматын өтөп жатканда ал эки мамлекеттин ортосунда бирдей даражадагы кызыкчылыктарга ээ болгондугун белгиледи. Ал Кыргызстандын жетекчилигине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы мамилелерди мындан ары жемиштүү өнүгөөрүнө ишенемин билдирди.