Президенттин басма-сөз кызматынын маалыматы боюнча Сооронбай Жээнбеков 13-майда Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Откурбек Жамшитов менен жолугушту.
Жолугушууда өткөн жыл үчүн мамлекеттик бийлик органдары жана укук коргоо түзүмдөрүнүн мыйзамдарды аткаруусун көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылып жаткан иштер жана ушул жылдын биринчи кварталы тууралуу маселелер талкууланды.
Башкы прокурор республиканын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин жүзөгө ашыруу жөнүндө, Кыргызстандын президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 2018-жылдын 17-май жана 27-декабрындагы чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы «Жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарууга карата көрүлгөн чаралар тууралуу президентке маалымдады.
Мамлекет башчы мыйзамдардын аткарылышына келечекте көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле жаңы жазык-укуктук мыйзамдарга ылайык сот реформасына карата бардык зарыл чараларды ишке ашырууга көбүрөөк көңүл бөлүү зарыл экендигин өзгөчө белгиледи.
2018-жылдын 24-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор кызмат ордуна Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө сунуштаган. 25-апрелде ал үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көпчүлүк депутаттары добуш беришкен.