Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков 608 Айылды суу менен камсыз кылуу үчүн 34 миллиард сом керек экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирет.
Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуп, өлкө 653 айылында таза суу жок экенин билдирди.
“Эгер ичүүчү суу жок болсо, ден соолук, экономика жана туризм жөнүндө эмне айтууга болот? Таза суу бар жерде, эч кандай оору болбойт, туристтер келип, экономика өнүгөт. Анда инвесторлор келет. Ошондуктан калкты таза суу менен камсыздоо маселесине биз өзгөчө көңүл буруп жатабыз”, — деди Жээнбеков.
Бардык керектүү калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 34 миллиард сом талап кылынат.
Мамлекет башчысы 27 миллиард чогулган деп билдирди.
“Учурда финансылык институттар менен иштешип, калган сумманы табуу үчүн донор өлкөлөрдөн жана эл аралык фонддордон гранттарды издеп жатабыз”,-деди Мамлекет башчысы.
Ошондой эле Жээнбеков өз мөөнөтүнүн аягына чейин өлкөнү ичүүчү суу менен камсыз кылаарын убада кылды.