Журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын буйругу менен өлтүрүлгөн.
Бул тууралуу америкалык массалык маалымат каражаттары ЦРУнун адистерине таянып жазып жатышат.
Аты аталбаган америкалык расмий өкүл Wall Street Journal гезитине чалгын кызматынын буйрук берди деген далил буюму жок экенин, ЦРУнун эксперттери Сауд Арабиясындагы түзүлгөн системадагы түшүнүктөрдөн улам ушундай чечимге келгенин билдирген.
Wall Street Journalдын ишенимдүү булагы ханзаада Мухаммеддин катышуусу жок “эч нерсе болбойт жана болушу мүмкүн эмес” деп кошумчалады.