Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси депутат Ибрагим Нуракун уулу КТРКнын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлигин койгондугун Facebook коомдук тармакка өзүнүн расмий баракчасында жарыялаган.
Ал азыр КТРКнын жетекчиси кызматы үчүн конкурска катышуу үчүн табыштама берүү чечимин кабыл алганын билдирген.
Расмий баракчасында билдиргендей, ал ошондой эле конкурска катышуу үчүн эки күн ойлонгонун жазган. Ибраим Нуракун уулу белгилей кеткендей, жөнөкөй журналист КТРКнын тагдырына кайдыгер болушу мүмкүн эмес деп билдирди. Эгер жеңишке жетсем каналдын командасы, мыйзам менен эле, эмгек акы алышат жана айлык акыны жогорулатууга жана каналдв демократиялаштыруу жана жакшыртууга убада бербейм. Каналды мамлекеттик саясатты камсыз кылууга жумшоо керек деп билдирди.
КТРКнын башчысына учурда тогуз киши талапкерлигин койгон. Бардык Конкурска келген арыздар бүгүн ачылып, кечинде белгилүү болот.
Сүрөт: kenesh.kg