Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов кредит алуучунун макулдугусуз кредит тарыхын, кредиттик бюрого жөнөтүүнү сунуштаган
Азыркы учурда кредит алуучунун макулдугу менен гана кредиттик бюрого зайымчынын кредит тарыхы өткөрүлөт.
Ошондой эле, Бекешов кредиттик маалыматты сактоо жети жылдан үч жылга чейин кыскартууну сунуштаган. Анын айтымында, мөөнөтүнөн өткөрүп төлөгөндүгү тууралуу маалыматты жети жылдык мөөнөткө сактоо, кредит алуучулардын мүмкүндүгүн чектеп, жана анын экономикалык эркиндигин бузат.
Кредиттик бюро бир каржы мекемесинин экинчисине карыз тууралуу маалымат менен бөлүшөт. Башка банктардан кредиттеринин жоктугун далилдөө үчүн, ал адам справка алып барышы керек. Бирок бул маалыматты кредиттик бюродон алса болот.