Жогорку Кеңештин депутаты, Айсулуу Мамашова парламенттин отурумунда Саламаттыктты сактоо министири Космосбек Чолпонбаевге эмненин негизинде, табып, Хашим Зайналиев медициналык иш менен алектенип жатканын сураган.
Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, Зайналиев лицензиям бар деп келет, бирок ал адамда тиешелүү эч кандай уруксаты жок экенин айтты. Ал лицензиясын көрсөткөн жок жана дарылоого укугу жок.
Бул маалымат буга чейин Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген. Алар табып, мыйзамсыз иш менен алектенип жатканын ырастады.
Депуттарды түпөйүлгө салган нерсе, атайы уруксаты жок дарылоо иши боюнча акыркы сотто эч нерсе чечилбей аяктаган, жана Зайналиевди жөн гана үйүнө бошотуп жиберген. Ал белгилегендей юристер эми мыйзам боюнча табып—дарыгерлердин иш-аракеттерине тыюу салууну камсыз кылуу үчүн иштеп жатканын белгиледи.
Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө ноябрда, Гематология бөлүмүнө өтө оор абалда кичинекей кызды алып келишкен. Ал кыздын ата энеси ооруканага баруунун ордуна салттуу дарылоого кайрылып оорунун олуттуу татаалдашына алып келген.
Табып, Хашим Зайналиев жөнүндө арыздар 2016-жылы келген. Ал толугу менен антисанитардык үйдө бейтаптарды кабыл алат деп арызданышкан. Бейтаптардын арасында өлүм дагы катталган. Бирок, милиция жабыр тарткандардан бир дагы арыз түшкөн жок, кылмыш ишин баштоого мүмкүн эмес деп комментарий берген.
Сүрөт: ktrk.kg