No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 07.05.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты

27.11.2018

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

Курманкул Зулушев билдиргендей, экс-президенттерден кол тийбестик укугу алынып салышы керек.

«Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Ал президенттин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Бул норма бүгүнкү учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын нормаларына карама-каршы келет. «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамынан бул берене алынып, күчүн жоготушу керек», - деди Зулушев.

Исхак Масалиев: «Бул абдан коомчулукка талкууланган долбоор болуп жатат. 2006-жылы, 2010-жылы, 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилгенде экс-президентке кол тийбестик норма алынган кызматты тапшыргандан кийин мыйзам алдында бардыгы тең болушу керек деген сөз болгон. Ушул себептен долбоорду киргизип жатабыз. 2011-жылы экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Алмазбек Атамбаев сунуштаган болчу. Кийин Юстиция министрлиги бул долбоорду жөнөтүп, бизге жетпей өкмөттө калып калган», - деди.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде 1-окууда жактырылды.

Супер инфо

Tags: Алмазбек АтамбаевКол тийбестикпарламентСооронбай Жээнбеков

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Кому выгодно выставлять кыргызстанских мигрантов в России униженными

06.05.2026
Кыргызстан

Кыргызстан присоединился к акции «Огонь памяти»

06.05.2026
Кыргызстан

Жапаров изменил правила ипотеки. Новые возможности для граждан

06.05.2026
Кыргызстан

На границе трех стран появится торговый хаб «Достук»

06.05.2026
Кыргызстан

Трамп приостановил операцию в Ормузском проливе

06.05.2026
Кыргызстан

Бекешев предложил наказание за скрученный пробег авто

06.05.2026
Безопасность

Запад усомнился в способности Украины держаться без помощи

06.05.2026
Безопасность

Захарова заявила о готовности России к результативным переговорам по Украине

06.05.2026
Безопасность

Угрозы Зеленского 9 мая могут обернуться последствиями для Киева

06.05.2026
Кыргызстан

Кыргызстанец выиграл марафон в категории 70+

06.05.2026
Безопасность

В Чуйской области конфликт на работе закончился нападением

06.05.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире