Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз борборунан билдиришти.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууга алынды.
Төрага Дастанбек Жумабеков алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө салым кошооруна үмүт артарын билдирди.
Андан тышкары, төрага Кыргызстандагы жаңыланууларга токтолуп биз адам укугун жана мыйзам үстөмдүгүн жактаган парламенттик-демократиялык башкаруу багытын тандап алдык. Андыктан бул жаатта тажрыйбасы мол Улуу Британия өлкөсү менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди
Муну менен катар Брексит жол-жобосу боюнча маселелер Британия элинин кызыкчылыктарына ылайык, ийгиликтүү чечилээрине үмүт кыларын билдирди.
Өз кезегинде Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт айтылган бардык маселелер маанилүү экенине токтолуп, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө да өзгөчө басым жасарын белгиледи.
Буга кошумча элчи парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маселесин көтөрдү.