27-январь күнү кечинде Сокулук аймагындагы Белогорка өрөөнүндө жол кырсыгы болгон. Автоунаа «Toyota Land Cruiser» тоонун кыры менен чыгып бара жатып, ылдыйды көздөй тоголонуп кеткен. Унаада, төрт адам болгон.
Жабыркагандардын бири – мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев болгон. Бул тууралуу, Чүй областык ГУВД УОБДД басма сөз кызматы билдирди. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Материалдар Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө берилген .
Сүрөт: YouTube