No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 16.11.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home

Жоолук салынбаганы үчүн күйөсүнөн кордук көргөн келин, өз өмүрүнө кол салып уксус ичип алган

01.11.2018

Баткен облусунда күйөсү аялынын жоолук (хиджап) кийбегендиги үчүн кодулай берип, акыры аялы чыдабай өз өмүрүнө өзү кол салган. Кордук көрсөткөн күйө 5 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сайтында жарыяланган.

Укук коргоо кызматкерлери кабарлагандай Кадамжай районунун жашоочусу Адолат жергиликтүү ооруканага, уксус ичип алгандан кийин келип түшкөн. Ден соолугуна оор залал келгендиктен келин каза болуп калган.

Милициянын изилдөөсү боюнча – Адолатты өмүрүнө кол салуусуна күйөсү Мажид себеп болгон. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча күйөсү Адолатты, дайыма сабап, басынтып, кордоп, бардык нерседен чектеп койгон. Адолат үйдөн чыгууга жана телефон колдонууга укугу жок болчу. Мунун баарына Адолат чыдабай калган.

Соттук териштирүү учурунда Мажид өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтуусу боюнча, аялы кадимкисиндей эле ашканада өз иштери менен алек болуп аткан. Ал газ менен иштеген конфорканы күйгүзүп, ширенкени өчүрбөстөн чакага таштаган. Муну байкап калган кайын энеси келиндин мындай кылбоосун, үйдү өрт чалуусу мүмкүн экендигин билдирген. Адолат буга эч нерсе деген эмес.

«Тойдум баарына»

Мажидтин айтуусу боюнча, аялы андан кийин казан жууга киришкен, казанды жууп бүтүп, раковинага төккөн. Тамактын калдыктарын сыртка төгүү керек, болбосо раковина толуп калуусун эскерткен кайненесине, келин эч нерсе деген эмес.

Ошондон кийин «Тойдум баарына» деген бойдон келин бөлмөдөн эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Андан кийин келин Мажидке келип, бул үйгө мындан ары чыдай албасын, үйүнө жеткирүүсүн өтүнгөн.

«Мен буга каршы болдум. Буга жооп кылып аялым ажырашамын деди.  Мен анда туугандарынды чакырып кел дедим. Ошондон кийин Адолат башка бөлмгөгө кирип кеткен. Мындан кийин апам, балдарга тамак берүүсүн өтүнгөн. Адолат буга макул болбой уруш чыгарган. Мен анын ийинден кармап түртүп жибердим. Ал жерге отуруп калды. Апам бөлмөдөн чыгып кетти», — деди Маджит.

 

Ушул чырдан кийин ал Адолатты туугандарына 3-4 күндөн кийин жеткирээрин айткан.

«Мен сыналгы көрүп отургам бир убакта ваннадан катуу үндү уктум. Кирип барсам аялым эстен танып жатыптыр. Кирип көтөрүп чыгайын дегенде уксустун жытын сездим. Ага суу берип, кустурайын дедим,  бирок болгон жок. Апам тез жардам чакырды, бирок алар келген жок. Иним экөбүз Адолатты өзүбүз ооруканага алып бардык. Ооруканадан Адолат көз жумду», — деп маалымдаган Маджит.

Анын айтуусу боюнча, ал эч качан аялын сабаган эмес, тескерисинче аны аябай сыйлап мамиле кылган. Ал эми телефонду болсо, 6-7 ай мурун кайын апасынын уруксааты менен алып койгон.

Каза болгондон келиндин апасынын айтуусу боюнча, Мажит менен Адолат экөө 2014-жылы үйлөнүшкөн. Кызы дайыма кайын энеси күйөсүн өзүнө каршы кылып, дайыма сабатып турган. Бир жолу Адолат үйүнө кетип калайын дегенде Мажит аны токтотуп, экинчи сабабай турганын айтып алып кеткен.

«Мен алардын үйүнө келгенде Маджиттин туугандары Адолат орустар менен сүйлөшүп чарба иштерин жасай турганын айтышчу. Кызымдын сөзү боюнча, ал орустар кошуналар болгонун, алар менен жөн гана учурушканын айткан. Менин оюмча, кайын энеси менен күйө балам кызымды өлүмгө мажбур кылышты. Кызым тирүү кезинде, ооруканада мага  алар сабашканын айтып, көк тактарды көрсөткөн», - деп белгилеген кыздын апасы.

Иштин жыйынтыгында Маджит «өлүмгө дуушар кылган» деген берене менен беш жылга эркинен ажыратылды.

Tags: Баткенкылмыш ишолумуй булооуксусчыр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

Жапаров и Мирзиёев обсудили углубление сотрудничества в Ташкенте

15.11.2025
Кыргызстан

Трамп готовит иск к BBC на $1–5 млрд за искажение его слов

15.11.2025
Безопасность

Пожар на Айтматова: две девушки выпрыгнули из окон многоэтажки

15.11.2025
Безопасность

Крупный пожар в Бишкеке: спасатели сняли людей через окна

15.11.2025
Безопасность

США готовят почву для отстранения Зеленского - Sohu

15.11.2025
Кыргызстан

В Бишкеке начали строить жильё для сотрудников гражданской авиации

15.11.2025
Аналитика

В Кыргызстане стартовала активная фаза кампании к досрочным выборам Жогорку Кенеша

14.11.2025
Новости

Отказ Армении от ЕАЭС ухудшит экономику страны – Бабуханян

14.11.2025
Безопасность

ФСБ: Украина готовила покушение на российского чиновника с помощью взрывного устройства в вазе

14.11.2025
Новости

BBC извинилась перед Трампом, но отказалась платить компенсацию

14.11.2025
Безопасность

Зеленский сообщил о требованиях союзников усилить мобилизацию в Украине

14.11.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире