Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин жетекчиси Аскарбек Токтошев билдирди.
Ал республикада 584 айыл бар, аларда суу менен камсыздоо иштерин жүргүзүү керек деди. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында 69 калктуу конуш таза суу менен камсыздалган.
Токтошев ошондой эле, таза суу менен камсыздоо маселеси эл аралык өнөктөштөрдүн көмөктөшүүсү менен чечилээрин билдирди.
“Бизде сегиз өнөктөш бар. Атап айтканда, Дүйнөлүк банк, Азия Өнүктүрүү Банкы, Ислам банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцария конфедерациясы, Евросоюз. Ошондой эле араб мамлекеттеринен кайрымдуулук жана гуманитардык бирикмелер”, — деди ал.
Айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу чараларына Кыргызстандын бюджетинде жарым миллиард сом каралган, алардын ичинен азыркы учурда 50 миллион сом бөлүнгөн.