Без рубрики

«Коопсуз шаар» программасы боюнча 100 миллион сом өлчөмүндөгү айып пул төлөдү

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген күндөн тартып тартип бузуучулар жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашкан айып төлөштү. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство укук бузууларды каттоо 4-марттан тартып баштагандыгын эске салды.

«Баардыгы болуп 159 035 ЖКЭни бузуулар боюнча токтом чыгарылган. 69 175 тартип бузгандыгы үчүн (43,5 пайызга) 100 миллион 94 миң сомдон ашык айып пул төлөндү», — релизде айтылат.

Милиция кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын жол кыймылынын бардык эрежелерин сактоого чакырышты. Анткени эми майда болсо да укук бузуучу айып төлөп берүүгө аргасыз болот.