No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 25.01.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

Кыргыз жана тажик элин бириктирген «Кара бак» базары

05.11.2018

Кыргызстандын Баткен районунун «Кара бак» базары Тажикстан менен чек арада жайгашкан. Бул жерде жумасына бир күн гана (бейшемби күн) базар деп белгиленген.

Бул базарга Баткен облусунун айылдарынан жана Тажикстандын Исфара районунун, Канибадам шаарынан соодагерлер келишет.

Тажикстандан келген сатармандар негизинен сүт азыктары, эт азыктары (колбаса, сосиски), малдын этинен даярдалган тез бузулуучу тамактар (холодец, самсы), темирден жасалган күндөлүк буюмдарды алып келип сатышат.

Басымдуу бөлүгү жашылча жемиштер жана жер жемиштерди алып келишет (көк чөп түрлөрү, анар, курма, лимон).

Чек арадан өтүү тынч мезгилде эч кандай тоскоолдук жок. 50 миң сомго чейин бааланган товарлар аткезчилик катары бааланбайт.

Эскирбей турган товарларды болсо ашканын кыргызстандагы соодагерлер үчүн сатып бүткөндөн кийин акчасын берүү келишими менен (после реализации) таштап кетишет. Бул жака келген тажикстандык соодагерлер көп жылдан бери каттагандыктан көпчүлүк баткендиктер менен тааныш. Кээде насыяга товарларды берип да турушат. Чек аралаш аймакта жаңжал чыгып, тирешүү болгон учурда чек араны кайтару күчөгөндө келбей калган күндөрү да болуп турат. Бирок базар жайгашкан аймакта бир да чыр-чатак катталган эмес.

Баткен облусунда «Кара бак» базары эң чоң өрүк базары катары таанымал. Бул жерде бейшемби күнү  50 тоннадан 80 тоннага чейин кургатылган өрүк соодаланат. Өрүк кардарларынын 90 пайызы тажикстандык алармандар. Өрүк базары таңкы саат 5 те башталып саат 11-12де аяктайт. Тажикстандан келгендер сатып алган өрүктөрүн алып барып Исфара шаарында өрүктү тазалап, сорттоп, таңгактоочу 8 ишканаларга тапшырат. Өрүк андан ары Тажикстандын продукциясы катар таңгакталып Орусия, Казакстанга кетет.

Баткен облусунда 10 миң гектардан ашык өрүк бактары болсо андан орточо 30 миң тоннадай өрүк өндүрүлөт. Баткенде кургатылган өрүктүн 90 пайыздайы Тажикстанга сатылат. Чыр чатак чыга калып же чек ара убактылуу жабыла калган учурларда (мындай учурлар да кээде боло калат) өрүккө болгон ба дароо арзандап кетет.

Анан да тажикстандан келгендер Баткендин күрүчүн, насвай тамекисин сатып алып кетишет.

Бул базарда аймактагы ири мал базарлардын бири жайгашкан. Мында да көп эле Тажикстандык кардарларды жолуктурууга болот. Анткени Баткен облусунун тоо тараптагы айылдарынан мал чарбасы менен алектегендер мал-жандыктарын сатууга алып келишет. Ал эми тажикстандык кардарлар тоодон келген мал-жандыктарды сатып алууга кызыктар. Тоо тараптагы айылдарда багылган мал-жандыктардын эти таза болот,  тоонун жем-чөбүн жеген деп тажикстандык касаптарды кызыктырат.  Тажикстандын эт базарларында болсо бир жайында туруп  бордоп семиртилген малдын эти сатылат.

Базарда жетишээрлик акча алмаштырып иштеген кишилер бар. Орус рубли, тажик сомониси, кыргыз сому айланат. Бирок  соода нарк сом менен бааланат.

Күз мезгили болгонунан улам тойлордун сезонунда бул базарга Өзбекстан жана Тажикстандан пахтадан жасалган кездемелер келет. Той учурунда көп сарпталчу кездемелерди, кыргызстандык кардарлардын таибитине жараша кошуналар жеткирип турат (кытайдан келбечү түрлөрүнөн гана).

 

Булак: https://cabar.asia/ru/

Tags: базарБаткенКыргызстанСоодасоода-сатыкТаджикистанэлдер

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

В Абу-Даби прошли закрытые переговоры России, США и Украины

24.01.2026
Кыргызстан

Потребление электроэнергии в Кыргызстане выросло более чем на 25 процентов

24.01.2026
MOSCOW, RUSSIA — MAY 4, 2021: T-72B3 tanks are seen in Krasnaya Presnya Street as they head to Red Square for a night rehearsal of the Victory Day military parade marking the 76th anniversary of the victory in WWII. Sergei Fadeichev/TASS

Россия. Москва. Танки Т-72Б3 на улице Красная Пресня перед ночной репетицией парада, посвященного 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне. Сергей Фадеичев/ТАСС
Безопасность

Пентагон признал устойчивость России в условиях конфликта в Украине

24.01.2026
Новости

США обсуждают морскую блокаду Кубы

24.01.2026
Кыргызстан

Талант Эралиев возглавил Национальный центр кардиологии

24.01.2026
Экономика

Кыргызстан сохраняет лидерство в регионе по темпам экономического роста

23.01.2026
Безопасность

Россия будет добиваться целей СВО до решения территориального вопроса - Ушаков

23.01.2026
Безопасность

ЦРУ готовит коррупционные обвинения против Зеленского - экс-аналитик

23.01.2026
Кыргызстан

Представитель Кыргызстана возглавил департамент статистики ЕЭК

23.01.2026
Новости

США предлагают разделить ресурсы Гренландии в рамках партнёрства

23.01.2026
Безопасность

В Бишкеке на ключевых перекрёстках запустили новые комплексы фиксации нарушений

23.01.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире