No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 14.01.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери Бакуда жолугушту

15.10.2019

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Баку шаарына жана анын азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен эки тараптуу өлкөлөрдүн ортосундагы маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма-сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Ильхам Алиев бүгүн эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы былтыркы ТТМКК Саммитинин жүрүшүндө маселелердин кеңири спектри талкууланганын баса белгиледи.

«Бүгүн биз баарлашуубузду улантып жатабыз. Саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайбыз деп ишенем», — деп айтты Ильхам Алиев.

Ал Кыргызстан Азербайжанга боордош өлкө, дос жана өнөктөш экенин өзгөчө баса белгиледи. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар жылдан жылга бекемдей берерине ишенимин билдирди.

Ильхам Алиев Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Түрк кеңешинде натыйжалуу төрагалык кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ТТМККда төрагалык кылууну кабыл алып жатып, кийинки жылы Уюмдун ортосундагы өлкөлөрдүн шериктештиги жана өз ара колдоосун бекемдөө жана кызматташтыктын реалдуу мазмунунун толтурулушуна бардык аракеттерди көрөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал Сооронбай Жээнбековдун Азербайжанга иш сапары жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарындагы эртеңки ТТМКК Саммити мааракелик жана тарыхый мүнөзгө ээ экенин белгиледи.

Азербайжандын Президентинин саясий эркинен улам Бишкек шаарында экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясы ийгиликтүү өткөнүн өзгөчө белгиледи.

Ал бул жыйын эки тараптуу мамилелерге, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөгө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Азербайжан Кыргызстан үчүн боордош жана дос өлкө экенин белгиледи, Азербайжан тарап менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берилет.

«Биз ар дайым мамилелерибиз өз ара пайдалуу шарттарда ишенимдүү жана активдүү өнүгүшүнө умтулабыз», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Ильхам Алиев чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Как опыт России в IT-экспорте может помочь Кыргызстану в укреплении цифровой безопасности

13.01.2026
Кыргызстан

Трамп ввёл 25% тариф на товары из стран, сотрудничающих с Ираном, включая Кыргызстан

13.01.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане предложили ввести безвизовый режим для бывших граждан

13.01.2026
Кыргызстан

Для швейной и текстильной отрасли снизили налоги и страховые взносы

13.01.2026
Новости

В Чуйской области планируют построить два завода по переработке отходов

13.01.2026
Безопасность

Словакия отказалась от военной помощи Украине

13.01.2026
Кыргызстан

РКФР возрождает кинотеатры в регионах Кыргызстана

13.01.2026
Безопасность

С начала января в результате обстрелов ВСУ погибли 45 человек, включая детей - МИД РФ

13.01.2026
Безопасность

В Иране заявили о более чем 500 погибших в ходе беспорядков

13.01.2026
Безопасность

Трамп рассматривает военный сценарий в отношении Ирана - WSJ

13.01.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане с 2026 года начнут повышать акцизы на алкоголь

13.01.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире