No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 27.10.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Кыргызстанда канча секта бар?

20.11.2018

Улуттук коопсуздук комитетинин байкоочулар кеңешинин төрага орун басары Кыргызстанда 3 миңдей секта бар экенин айтып чыкты.

Анын бул маалыматы талдоочулар арасында кызуу талкууну жаратууда. Бирок үч миң секта бар деген пикир кыйла көбөйтүлүп айтылганын белгилешүүдө.

Үч миң секта барбы?

Кыргызстанда үч миңдей секта бар экенин Улуттук коопсуздук комитетинин байкоочулар кеңешинин төрага орун басары Аркадий Гладилов өткөн жумада маалымат жыйынында билдирди. Аркадий Гладилов “Азаттык” менен маегинде бул сан болжолдуу экенине көңүл бурду.

- Ачыкпы, көмүскөдөбү, мен баарын айтып жатам. Менимче, көп диний уюмдар катталган эмес. Алар мыйзамсыз иш жүргүзөт. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда болсо аз гана адам иштегендиктен, алардын диний уюмдардын баарын текшерип турууга, чынын айтыш керек чамасы чектелүү.

Өткөн жылдын маалыматы боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2330дай диний уюм бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 1900дөйү ислам жаатындагы уюмдар жана мечиттер болсо, 370 уюм христиан динине таандык. Христиан дининдеги уюмдардын басымдуу бөлүгүн протестанттык багыттагы мекемелер түзөт. Кайсы бир диний уюмду секта деп атоо үчүн тиешелүү органдардын бүтүмү керектигин белгилеген талдоочулар, андыктан Кыргызстандагы кайсы бир уюмду секта деп атоо талаштуу дешет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев Кыргызстанда 3 миң секта бар деп айтылган пикирге кошулбайт. Бирок ал чыны менен диний уюм катары каттоодон өтпөй туруп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан бирикмелер бар экенин да белгиледи.

- Ар кандай программа менен келип, каттоодон өтпөй иш жүргүзүп жаткандар бар. Түрдүү окуу программаларга жана башка долбоорлорго жамынып алып, иш жүргүзүшөт. Андайлар бар, бирок үч миң секта бар экен деген туура эмес.

Секта боюнча талаш пикирлер бар

Өткөн жылы сот Кыргызстанда коомдук уюм катары каттоодон өтүп, бирок диний ишмердүүлүк жүргүзүп келаткан Мун чиркөөсүнө тыюу салган. Бирок ал айрым өлкөлөрдө расмий таанылган дин катары аракеттенет.

Ал эми Кыргызстандын расмий муфтияты Ахмади уюмун секта деп атаган өкүмүн чыгарган. Бирок бул уюмдун өкүлдөрү тескерисинче, аны диний уюмду кысмакка алуу катары санап, бул маселеде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен да талашып-тартышып келүүдө.

Окумуштуулардын пикиринде, секта деп негизги динден бөлүнүп чыккан агымды айтышат. Бирок диний агымдар өздөрүн секта деп атаганга каршы. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы байкоочулар кеңешинин төрагасынын орун басары, диний маселелер боюнча талдоочу Назира Курбанова сектага мындайча түшүндүрмө берди.

- Кайсы бир топ негизги динден бөлүнүп чыгып, жаңы негиздөөчүсү менен өз салтын, жөрөлгөлөрүн, окууларын, көз караштарын аткара баштаса, ал секта деп айтылат. Бирок окумуштуулар арасында азыр секта боюнча бирдиктүү пикир жок.

Назира Курбанова өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет жана коом үчүн коркунучтуу болгон секталардын тизмеси атайын мыйзам менен аныкталарын кошумчалады. Ал белгилегендей, жарандар алардын кылтагына илинип калбашы үчүн секталардын тизмеси коомчулукка да жарыя кылынат.

- Эгер азыркы күндөгү секталарды ала турган болсок, эң негизги алардын максаты адамдын башын имерип, өздөрүнө киргизип алуу. Ал эми анын уюштуруучуларынын өз максаттары болот. Секталар тоталитардык жана деструктивдүү деп экиге бөлүнөт. Башкача айтканда, бул секталар авторитардык ыкма менен үстүдөн бир адам аркылуу башкарылат. Алардын каржылык кызыкчылыктары да болот. Ошон үчүн көп мамлекеттер тыюу салынган секталардын тизмесин жарыялап коюшат. 

1991-жылы эгемендик алган Кыргызстан Баш мыйзамда дин эркиндигин жарыялаган өлкө. Маселен, совет дорунда Кыргызстан аймагында дүйнөлүк дин саналган ислам, христиан жана будизмдин гана өкүлдөрү бар болсо, азыр диндердин жана конфессиялардын саны отуздан ашуун.

Азаттык
Tags: диний уюмдаркоркунучКыргызстансекта

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

Беназир Нурланова назначена заместителем министра экономики и коммерции КР

27.10.2025
Кыргызстан

Россия упростила импорт из Казахстана и Кыргызстана до конца 2025 года

27.10.2025
Кыргызстан

Трамп пригласил лидеров Центральной Азии на саммит в Вашингтоне 6 ноября

27.10.2025
Безопасность

Ночью над Москвой сбито 30 украинских дронов - Собянин

27.10.2025
Безопасность

Британские СМИ: заявление Путина о «Буревестнике» стало предупреждением Лондону

27.10.2025
Безопасность

Израильский беспилотник атаковал патруль миротворцев ООН в Ливане

27.10.2025
Кыргызстан

Министр транспорта США предупредил о сбоях в авиаперевозках из-за шатдауна

27.10.2025
Безопасность

США поддержали идею использовать замороженные российские активы для помощи Украине – Reuters

27.10.2025
Кыргызстан

Касымалиев рассказал о достижениях в дорожной отрасли Кыргызстана

27.10.2025
Новости

Американский миллиардер профинансировал военных США во время шатдауна

27.10.2025
Безопасность

Украинский депутат: будущие условия мира для Украины окажутся хуже Стамбульских

25.10.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире