No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 08.02.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Кыргызстанда оппозиция барбы? Оппозиция деген көшөгөнүн артында кимдер турат?

23.11.2018

Оппозиция десе эле — митингдер, ызы-чуу, таш, таяк көтөргөн марштар деп ким айтыптыр? Антсе да, Кыргызстандыктар оппозицияны так ушундай түшүнүктө кабыл алышат. Муну бизге демократия деген нерсе үйрөттү. Коомго атайлап ушундай түшүнүк киргизилип, вирус сыяктуу жайылтылган. Ошондуктан, оппозиция дегенде классикалык кандайдыр бир багыттагы партия же уюм катары түшүнүү өтө кыйын. Ушундай түшүнүктүн айынан өлкөдө эки төңкөрүш болуп, андан араң дегенде мамлекет суурулуп чыкты.

Кыргызстандын реалдуу саясатын алып карасак, анда чыныгы өлкөнү өнүктүрүүгө болгон программалардын күрөшү эмес, саясий элита арасында, ички интрига аркылуу түзүлгөн жеке мамилелерге байланыштуу саясат деп түшүнсөк болот. Кадрлардын чагылгандай тез алмашуусу, жумуштан сыртта калган же кызматка жетпей калган чиновниктердин ички таарынууларына жык толгон. Ошондуктан, качандыр бир кезде кызматка жетпей же ордунан бошоп калган чиновниктердин бири-биринен өч алуу принциби менен түзүлгөн саясат «элдешкис оппозиционер» катары таанылып калган.

Мына ушул, кандайдыр бир саясий көз карашы, принциби жок саясий күчтөр сырткы күчтөргө тез алданып кетет. Ким аларга каржылык колдоо көрсөтүп койсо эле алар анын сурнайынын алдында бийлегенге даяр болуп калышат. Алар «буйрук» бергендердин эмне каалааса ошонусун аткарууга, ички интригадан чоң саясий акцияга чыгууга чейин даяр болуп калышат. Атүгүл митингге чыгып, кыйкырып туруу үчүн атайын акы алган атайын топтор дагы бар, андан дагы атайын даярдалган ОБОН отрядын дагы жалдап жиберсе боло турган иш.

Кыргызстанда ушундай саясий күрөштүн түрүн демократияны «жайылткандар» үйрөтүшкөн. Так ушул чет өлкөлүк агенттер саясий күрөш жүргүзүүдө митинг, флешмобторду өткөрүп, ЕАЭБке каршы акцияларды, конституциялык түзүмгө каршы иш-чараларды уюштурушкан.

Ошондуктан «оппозициянын» сапатына терең көңүл буруу зарыл. Анткени, оппозиция деген көшөгөнүн артына кызматтан куулуп калган, коррупцияга шектелип иштен кеткен, чет өлкөдөн акча алып сыртка иштеген өкмөттүк эмес уюмдар туруп алышы мүмкүн. Ошондуктан, оппозициянын өлкөнү өнүктүрүүгө атайын программасы жок.

Так ушул себептен, партиялык система мындай кырдаалда пайда бербейт. Партиялар дагы бийликке же акчага көз каранды. Бир дагы саясий принципти кармап, узак убакытка иштеген уюмдар жок, баары убактылуу акча кызыкчылыгына байланган кызыкчылыктар иштейт. Ошондуктан, саясатчылар шайлоодон шайлоого чейин партиядан партияга секирип, идеяларын оңой эле сатып, коммунист болсо бат эле капиталист болуп чыга келишет. Ушул себептен улам Жогорку Кенештин сапаты таптакыр өзгөрбөстөн кала берүүдө.

Мындай «оппозициянын» коркунучтуусу алардын эч кандай принцип жана идеологиясы жок. Ошондуктан аларды оңой эле бийликке каршы тукуруп же болбосо өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө доо кетирген башаламан акцияларды, ызы чууларды убштурганга колдонуп койсо болотв.  Батыш муну дайыма өз кызыкчылыгына колдонуп, оппозиция дайыма сөөк ыргытып аларды өз чынжырынан чыгарбай кармап турат. Бул Кыргызстандын саясатына жана кабыл алган чечимдерине чоң таасир бере турган эң бир талуулу жери.

Tags: АКШБатышКыргызстаноппозициясаясат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Безопасность

Садыр Жапаров выразил соболезнования Пакистану в связи с терактом в мечети

07.02.2026
Кыргызстан

В Бишкеке задержали мужчину, обманувшего верующего под предлогом хаджа

07.02.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане могут построить индустриальный парк электроприборов с участием Китая

07.02.2026
Новости

США и Украина обсуждают мир с Россией к марту - Reuters

07.02.2026
Безопасность

В Таласской области мужчина облил жену бензином и поджёг

07.02.2026
Кыргызстан

В Чолпон-Ате началось строительство новой четырёхполосной дороги

07.02.2026
Аналитика

ХАМАС обещает разоружиться, но не выполняет соглашение о перемирии в Газе

06.02.2026
Кыргызстан

В Бишкеке женщина перевела мошенникам более 22 млн сомов после продажи квартиры

06.02.2026
Безопасность

В Чуйской области раскрыли схему продажи поддельных документов автошкол

06.02.2026
Кыргызстан

В «Газпром Кыргызстан» заявили о планах запуска ТЭЦ-2 в Бишкеке к следующей зиме

06.02.2026
Новости

Ученые зафиксировали всплеск солнечной активности - 24 вспышки за сутки

06.02.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире