Без рубрики

Кыргызстандын бажы кызматынын негиздөөчүсү каза болду

Бүгүн, 78 жашында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын негиздөөчүсү жана биринчи директору Таштанбек Жумакеев каза болду. Бул тууралуу социалдык тармакта анын кызы билдирди.

«Менин атам каза болду. Жумакеев Таштанбек Жумакеевич, 1941-жылы туулган. Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери. СССР КГБ Полковниги», — деп жазат ал.

Таштанбек Жумакеев 15-августта 1941-жыл туулган. Ал Киров балдар үйүнүн тарбиялануучусу болгон. Кыргыз политехникалык институтунда окуган. 1970-жылдан СССР КГБ органдарында иштеген. Дал ушул адам Кыргызстандын Бажы кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. 1991-жылдан 1993-жылга чейин КР бажы кызматында иштеген.

Көзү тирүү кезинде, ал СССРдин Эмгек Кызыл Туу ордени жана башка көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Коштошуу Люксембург айылында эртең өтөт.