No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 26.10.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Кытайлык кыргыздардын жакындары президентке кайрылышты

Кытайдан Кыргызстанга келген кайрылмандар жана кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурады. Алар 26-ноябрда мамлекет башчыга жолдогон катта «Кытайдын кыргыз тектүү жарандары «тарбиялоочу лагерлерде» негизсиз кармалып жатканы» айтылып, аларды бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурашты. Бул тууралуу кат жолдогон топтун өкүлдөрү «Азаттык» радиосуна кабарлашты.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана азчылык улуттардын өкүлдөрүнүн «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Ал эми кармалган кыргыздар жана казактар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат.

Куугунтукка кабылгандар «саясий тарбия берүүчү лагерлерди» «түрмө, концлагерь» деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор» катары сыпаттап келет. Акыркы кезде Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары «саясий тарбия берүүчү лагерлерден» кесип үйрөнүп, көз карашы өзгөрүп чыккан адамдар, анын ичинде жаштар тууралуу тасмаларды көрсөтүүдө. Анда алар “экстремизм оорусунан” айыкканын белгилешкен.

Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бийликтин жана жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, буга чейин казак жарандыгын алгандары Казакстанга келген. Кыргыз бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча кандайдыр бир дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Шинжаңда казактардын саны 1 миллион 400 миңден ашуун.

Азаттык

Tags: кайрылууКытайКытайлык кыргыздарпрезидент

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Бакинская декларация открывает новые возможности для сотрудничества стран Азии

23.10.2026
Безопасность

В ЕС ожидают роста протестной активности на фоне подорожания энергии

23.10.2026
Кыргызстан

Жапаров заявил, что работает по 20 часов в сутки и спит четыре часа

23.10.2026
Кыргызстан

Главы МИД Кыргызстана и Грузии обсудили развитие торгово-экономического сотрудничества

23.10.2026
Кыргызстан

Жапаров рассказал, как в Ошской области землю раздавали за килограмм плова

23.10.2026
Безопасность

Путин заявил о готовности России возобновить переговоры по Украине с участием США

23.10.2026
Безопасность

В Бишкеке произошел пожар на рынке «Джунхай» рядом с «Дордоем»

23.10.2026
Кыргызстан

В Бишкеке планируют расширить список причин для эвакуации автомобилей

23.10.2026
Кыргызстан

Школе в Канте присвоили имя Героя Труда Кыргызстана Токтогон Алтыбасаровой

23.10.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане планируют увеличить финансирование развития государственного языка до 577 млн сомов

23.10.2026
Кыргызстан

В ЕАЭС планируют обновить правила создания электронных паспортов транспортных средств

23.10.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире