No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 11.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Мадумаров: президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна доо кетти

21.11.2018

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарына комментарий берди. Анын пикиринде, Атамбаев бийликке өтө катуу доомат койду.

- Бул бүгүнкү күндөгү бийликтин бетине маданияттуураак айтканда, аябагандай катуу чиркөө болот, - деди ал. - Кыргызстандын бийлигинин эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркына, экинчиден, президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна доо кетти. Эң катуу айтылган сөз - «сүйрөп келдим эле» дегени. Трагедиябыз ушунда. «Сүйрөлүп келгендердин» кесепети тийип атат. Бышкан азаматтар келбестен, «сүйрөлүп келгендер» келгендиктен Кыргызстан сүйрөлүп келатат, - деди Мадумаров.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда «Апрель» телеканалына маек курган. Анда соңку кездери өзүнө каршы каралоо башталганын, үзөңгүлөштөрү негизсиз камалганын айткан. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси тууралуу айтып жатып, Атамбаев мамлекет башчыны эски бийликтин жолуна түшүп, «үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат» деп айыптаган.

«Шайлоо алдында Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз эле болчу. Сооронбай Жээнбековду президенттикке чейин жеткиргем» деп билдирген мурдагы президент.

Азыркы мамлекет башчы жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсү тууралуу үн ката элек.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген, «Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган» ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Ал Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткенин маалымдаган.

Муну президенттин аппараты муну «фейк» маалымат деп атаган.

Азаттык

Tags: Мадумаровсаясатшайлоо

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

От революции 1979 года до войны. История конфликта США и Ирана

10.03.2026
Новости

Трамп не смог убедить Индию отказаться от российской нефти

10.03.2026
Кыргызстан

ЦИК досрочно прекратил депутатские полномочия Конгантиева

10.03.2026
Кыргызстан

Депутат Куванычбек Конгантиев решил сложить полномочия

10.03.2026
Безопасность

Минсельхоз КР опроверг сообщения о вспышке ящура

10.03.2026
Кыргызстан

Минздрав КР предложил повысить акцизы на сладкие напитки

10.03.2026
Безопасность

SIPRI зафиксировал сокращение поставок оружия Украине в 2025 году

10.03.2026
Кыргызстан

Байсалов призвал избрать женщину на пост генсека ООН

10.03.2026
Безопасность

Путин и Трамп обсудили Украину, Иран и ситуацию на мировых рынках нефти

10.03.2026
Безопасность

Трамп заявил, что война с Ираном близка к завершению

10.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ввел шестимесячный запрет на экспорт скота

10.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире