No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Вторник, 27.01.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Москвада мигранттар үчүн патенттин баасы жогорулайт

23.11.2018

Москвадагы эмгек мигранттары үчүн патенттин баасы жаңы жылдан тарта 500 рублга көбөйүп, айына 5 миң рублди түзүп калат. Тиешелүү өзгөртүүлөр салык мыйзамына Москванын шаардык думасы тарабынан киргизилди.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешеси көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген чет элдиктер үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусиянын борборунда эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын кирешеси 20% өскөн.

«Бирок биз эмгек патентинин баасын 13%, башкача айтканда, 500 рублга көбөйттүк. Учурда Москвада иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран наркы 4500 рубль турган патент алышы керек», - деди ал.

Москва шаардык думасынын депутаты патент алууну каалагандардын саны кыскарбаганын, мунун эсебинен шаар казынасына 2 миллиард рубль түшкөнүн белгиледи.

Жакында Москванын мэри Сергей Собянин “Россия 1” мамлекеттик телеканалына маек куруп жатып, мигранттардын арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли эки эсеге азайганын, өзгөчө Борбор Азиядан келгендер мыйзамдуулукту сактай баштаганын билдирген.

Собянин орус өкмөтү бир катар чараларды кабыл алгандан кийин ушул сыяктуу жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат деп ырастаган. Ал патент системасын мисал келтирген. Азыр аны Орусияга кирүү үчүн виза талап кылынбаган чет өлкөлөрдүн: Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина жарандары сатып алат.

Бейшембиде Москва облустук думасы дагы патент баасын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Подмосковьеде чет өлкөлүктөр үчүн анын баасы 450 рублга көбөйүп, 4750 рублди түздү. Муну менен облус бюджетине кошумча 1 миллиард рублга чейин каражат түшөрү айтылууда.

Tags: КымбаттоомигранттарМосквапатент

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Исторический рост цен на золото открывает новые возможности для экономики Кыргызстана

26.01.2026
Кыргызстан

В парламенте обсудили высокие цены на мясо

26.01.2026
Безопасность

В Миннеаполисе полиция разогнала демонстрантов слезоточивым газом

26.01.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане планируют решить проблему дефицита поливной воды

26.01.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане зафиксирован рекордный рост доверия к власти

26.01.2026
Новости

БРИКС создает альтернативу SWIFT

26.01.2026
Кыргызстан

Asman Airlines расширила программу льготных внутренних рейсов

26.01.2026
Безопасность

Иран назвал ложью данные Запада о 30 тыс погибших на протестах

26.01.2026
Безопасность

Зеленский заявил о неизменности позиции Киева по ВСУ в Донбассе

26.01.2026
Безопасность

В Индии зафиксирована вспышка смертельно опасного вируса Нипах

26.01.2026
Безопасность

США накрыл мощный шторм, в 20 штатах объявлено ЧП

26.01.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире