No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 17.05.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Ооганстанда аба соккудан отуздай жайкын тургундун өмүрү кыйылды

29.11.2018

Бул тууралуу ооган расмий өкүлдөрү билдирүүдө.

Алардын маалыматына караганда, АКШнын аба соккусунан кеминде 30 жайкын тургун өлкөнүн түштүгүндө, Гилменд провинциясында мерт болду. Бул провинция «Талибандын» аймактагы таянычы деп саналат.

НАТОнун Ооганстандагы миссиясынын маалыматына караганда, Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү жана америкалык аскерий кеңешчилер 27-ноябрь күнү Гилменддин Гармсир районунда “Талибан” согушкерлеринин аткылоосуна кабылган жана абадан колдоо көргөзүүнү суранышкан.

Бирок жердеги күчтөр атышуу жүргөн аймакта жайкын тургундар болгонун билген эмес.

Гилменд провинциясынын губернатору Мухаммад Ясин Хандын айтымында, Гармсир районунда ооган аскерлеринин өтүнүчү менен жасалган аба соккудан “Талибандын” 16 согушкери мерт болгону аныкталды, ал эми жайкын тургундар арасынан өлгөндөр саны али такталып жатат.

Гилменддин провинция кеңешинин башчысы Атахулла Афгандын билдиргенине караганда, аба соккудан жайкын тургундардан кеминде 30 киши мерт болду. Ушундай эле санды Гилменддин провинция кеңешинин депутаты Абдул Вадод Попул дагы маалымдады.

Улуттар уюму өткөн айда быйылкы жылдын тогуз айында эле аба соккулардан мерт болгондор саны 2009-жылдан бери бир жыл ичиндеги көрсөткүчтөрдөн көп экенин билдирген.

Гилмендде аба соккудан жайкын тургундардын өмүрү кыйылганы тууралуу кабар Швейцарияда донорлордун Ооганстан боюнча эл аралык конференциясы өтүп жаткан учурга туш келди.

Ал конференцияда, 28-ноябрда президент Ашраф Гани ооган бийлиги «Талибан» менен тынчтык келишимге жетишүү максатында жол картасын даярдап, сүйлөшүү жүргүзүү үчүн он эки кишиден турган топ түзгөнүн жарыялаган.

Азаттык

Tags: кол салуукоопсуздуккоркунучОоганстанТерорризмэкстремизм

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

Лавров заявил о попытках Запада интегрировать Армению в свои структуры

16.05.2026
Новости

Владимир Путин посетит Китай с официальным визитом

16.05.2026
Кыргызстан

В Бишкеке могут ужесточить правила для электросамокатов

16.05.2026
Безопасность

СМИ сообщили о финансировании США биолабораторий на Украине

16.05.2026
Кыргызстан

На KazanForum обсудили новые совместные проекты Кыргызстана и России

16.05.2026
Безопасность

Сергей Лавров заявил о тревожных тенденциях в Европе

15.05.2026
Кыргызстан

Президент Кыргызстана посетил Казахстан для встречи лидеров ОТГ

15.05.2026
Кыргызстан

На Иссык-Куле погиб боец ММА, спасая тонувшую школьницу

15.05.2026
Безопасность

Адмирал США прокомментировал удар по иранской школе для девочек

15.05.2026
Новости

Скандал вокруг Ермака мог подтолкнуть Зеленского к переговорам - СМИ

15.05.2026
Безопасность

В Чуйской области водитель насмерть сбил пятерых пешеходов

15.05.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире