Ставрополь ГИБДД маалымдагандай, 6-январда жол кырсыгы, түшкү ченде М5 жолунда, Ставрополь районунда катталган.
Чоң жүк ташуучу «Volvo FH 12» автоунаасын Кыргыз Республикасынын отуз жаштагы жараны башкарган. Жолдун 988 километринде айдоочу, кокусунан «Беларус-82» үлгүсүндөгү, ошол учурда кар тазалаган тракторду сүзүп алган. Трактордун айдоочусу 49 жашта.
Жол кырсыгынан эки тараптын айдоочулары жабыр тарткан. Тез жардам автоунаасы жабырлануучуларды Тольяттидеги ооруканалардын бирине жеткизишкен.
Сүрөт: kabar.kg