No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 15.12.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Uncategorized

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Центерра голд” компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту

23.11.2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө өкмөт башчынын чакыруусу менен келген “Центерра голд” компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө “Центерра голд” компаниясынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, биринчи кезекте, кенде жүргүзүлгөн геологиялык иликтөө иштеринин оңдуу жыйынтыктарын эске алуу менен, «Кумтөр» кенине тийиштүү маселелер талкууланды.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, компания кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча ушул жылы «Кумтөр» кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда. «Бул болжолдуу көрсөткүчтөрдөн жогору болуп саналат, ошондой эле ишкананын иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди активдештирүүнү улантуу жана келерки 2019-жылы өндүрүштү жогорулатууга жетишүү көздөөлүүдө. Мындан тышкары, компания тарабынан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн алдыдагы капиталдык салымдар боюнча кошумча сунуштар иштелип чыгууда. Мында “Центерра голд” компаниясы тараптан эки жылдык геологиялык иликтөө иштеринин программасын каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Аталган программаны ишке ашыруудан күтүлүп жаткан жыйынтыктар тастыкталган кезде «Кумтөр» кенин эксплуатациялоо мөөнөтүн бир нече жылга узартуу үчүн бардык шарттар түзүлөт», - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Скотт Перри премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жылдын ичинде эл аралык, анын ичинде Кытай компаниялары“Центерра голд” компаниясы инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдарлык билдиришкен. Бирок азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес.

«Кайсы бир сунуш финансылык пайдалуу катары каралган шартта “Центерра голд” компаниясы милдеттүү түрдө ири акционер – Кыргыз мамлекетинин өкмөтүнө келишимге кызыкдарлыкты баалоо тууралуу кайрылат. “Центерра голд” компаниясы менен байланыштуу кандайдыр бир келишим боюнча акыркы чечим компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынат», - деди Скотт Перри.

Ошондой эле стратегиялык келишимдин күчүнө кирүүсү боюнча кошумча шарттар талкууланды, анда экологиялык төлөмдөрдүн көбөйүүсү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралган.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстеринин транспаренттүүлүгүн камсыздоо маанилүү, ошондой эле ал алтын кен ишканасында экологиялык ченемдерди сактоону жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Супер Инфо

Tags: АбылгазиевжолугушууӨкмөт башчыСкот Перицентера

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

Казахстан возобновил поставки нефти в Кыргызстан после многолетнего перерыва

15.12.2025
Кыргызстан

В магазинах Кыргызстана могут появиться отдельные зоны для органических продуктов

15.12.2025
Безопасность

Переговоры США и Украины в Берлине зашли в тупик - WSJ

15.12.2025
Безопасность

Студент из Узбекистана погиб в результате стрельбы в Брауновском университете

15.12.2025
Безопасность

Пожар вспыхнул на рынке «Азиз» в Бишкеке

15.12.2025
Кыргызстан

Самат Исабеков возглавил департамент таможенной инфраструктуры ЕЭК

15.12.2025
Безопасность

Зеленский заявил, что не держится за президентский пост

15.12.2025
Кыргызстан

Президентская команда Жапарова взяла серебро на турнире «Мурас»

15.12.2025
Безопасность

В Бишкеке задержан мошенник, похитивший у иностранца 404 тыс долларов

15.12.2025
Кыргызстан

Кыргызстан рассматривает импорт хлопка из Туркменистана

15.12.2025
Новости

Заморозка российских активов подорвала доверие к Европе — l’AntiDiplomatico

13.12.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире