No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 11.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Президент Патрулдук милицияны калыбына келтирүү демилгесин колдоду

06.11.2018

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 5-ноябрда Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарын реформалоо боюнча эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы менен таанышкан учурда алар сунуштаган демилгелерди кубаттады.

Жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов реформанын алкагында Бишкекте Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла турганын билдирди.

Маалыматка караганда, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен патрулдук-нөөмөт бөлүктөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу, кийинки жылдары реформаны бүт өлкөгө жайылтуу максат кылынууда.

Кыргызстанда реформанын алкагында укук коргоо тармагындагы бир катар мекемелердин аталышы буга чейин да өзгөртүлгөн. 2016-жылдын 1-апрелинде Ички иштер министрлигинин алдындагы МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Арадан бир жарым жыл узабай өкмөттүн токтому менен аталган мекеме жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн.

Tags: коомкоопсуздукмилицияпатруль

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

От революции 1979 года до войны. История конфликта США и Ирана

10.03.2026
Новости

Трамп не смог убедить Индию отказаться от российской нефти

10.03.2026
Кыргызстан

ЦИК досрочно прекратил депутатские полномочия Конгантиева

10.03.2026
Кыргызстан

Депутат Куванычбек Конгантиев решил сложить полномочия

10.03.2026
Безопасность

Минсельхоз КР опроверг сообщения о вспышке ящура

10.03.2026
Кыргызстан

Минздрав КР предложил повысить акцизы на сладкие напитки

10.03.2026
Безопасность

SIPRI зафиксировал сокращение поставок оружия Украине в 2025 году

10.03.2026
Кыргызстан

Байсалов призвал избрать женщину на пост генсека ООН

10.03.2026
Безопасность

Путин и Трамп обсудили Украину, Иран и ситуацию на мировых рынках нефти

10.03.2026
Безопасность

Трамп заявил, что война с Ираном близка к завершению

10.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ввел шестимесячный запрет на экспорт скота

10.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире