«The Insider» басылмасынын шеф-редактору Роман Доброхотов кыргыз журналисттерине иликтөө жанрынын күнгөй-тескейин үйрөтөт. Адисти Журналисттик иликтөөлөр фонду «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда чакырууда.
Доброхотовдун сабагы 13-ноябрда Бишкекте «Интерньюс» жайгашкан имаратта өтөт. Кирүү акысыз. Каалоочулар төмөнкү электрондук даректерге кат жазып, маалымат алса болот:
[email protected], [email protected]
35 жаштагы Роман Доброхотов Москвада төрөлгөн. Бир канча абройлуу басылмаларда иштеген. 2013-жылы «The Insider» басылмасын негиздеп, шеф-редактору болуп иштеп келүүдө. Бул басылма 2017-жылы Европа Кеңешинин «Инновация» сыйлыгына татыган.