No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 11.02.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

Тойдо токмок жеген аялдын окуясы коомдун көйгөйүн козгоду

01.11.2018

Тойдон аялын жамбашка тепкен киши боюнча ички иштер органдары иликтөө иштерин баштады, -деп ВВС билдирет. Окуя өткөн апта соңунда Кыргызстандагы тойканалардын биринде катталган. Бирок ал кайсыл аймакта болгону жана зомбулук аялга ким тарабынан көрсөтүлгөнү азырынча айтыла элек.

 

Аталган видео коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Анда ортого чыгып бийге түшкөн аялды, көпчүлүктүн алдында күйөөсү жамбашка тээп, сүйрөп кеткени тартылып калган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Аймактык тескөө бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Исмаилбековдун айтымында, учурда окуя кайсыл аймакта катталганын аныктоо, жарандын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

«Эгер сөгүп-сагып, бирок кол көтөрбөгөн болсо, анда Административдик жазык кодексинин 364-беренесинин негизинде айыпка тартылмак. Ал эми видеодо аялына кол көтөрүп жатат. Бул жагдай Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине туура келип калат. Аялдын канчалык жарат алганы дагы эске алынат. Видеодо тээп туруп сүйрөп кеткени тартылган. Мүмкүн нары алып барып ур-токмокко алдыбы, ким билет».

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» уюму быйыл эле Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жети жүздөн ашык кишинин катышуусунда сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкандардын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук бар экенин айткан. Ал эми Кыргызстанда ар бир тогузунчу киши үй-бүлөдөгү зордук зомбулукту кадимкидей көрүнүш катары кабыл ала турганы аныкталган.

«Үй-бүлө зомбулугуна кабылгандардын көбү аялдар. Бизге кайрылгандардын саны абдан көп. Маселен, жакында эле бир келинди чет мамлекетке жибердик. Аны жолдошу бычактаганга чейин барып, катуу зомбулук көрсөткөн. Айласы кетип, бир жарым айдай биздин борбордо жашады. Кийин күйөөсү бул жакка чейин келип, зөөкүрдүк көрсөтө баштады. Аны чет өлкөгө жибергенге аргасыз болдук»,- деди «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Коомдун басымдуу катмары аялга күйөөлөрү тарабынан жасалган зомбулук эркек кишинин алсыздыгынан жана деңгээлинин төмөндүгүнөн кабар бере турганын айтат. Ошол эле учурда мындай жосунсуз кадамдарды тарбия иретинде кабылдагандар дагы жок эмес.

«Пайгамбарыбыз аялыңды катуу уруп сөккөндөн карман. Себеби, алар кабыргадан жаралган. Кабырганы катуу ийсеңер сынып калышы мүмкүн. Такыр эле укпай жатса жакшы сөз айтып, түшүндүр деп айткан. Аялдар назик, эркектерге салыштырмалуу күчсүз болот. Аларга жаман сөз айтып, зулумдук кылууга шариятта тыюу салынган»,- деди Муфтияттын үгүт- насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны канча?

Үй-бүлөдө физикалык эле эмес, психологиялык жактан дагы зомбулукка кабылган аялдардын саны арбын. Кайсыл гана түрү болбосун мындай кадамдарга барган кишилер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Кыргызстанда аялдар күйөөлөрүнүн колунан ур-токмокко кабылганын ачыктай беришпейт. Анын кесепетинен көпчүлүк учурда жабылуу аяк, жабылуу бойдон калат.

Шаардык ИИББнын маалыматына ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 359 аялдан арыз келип түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын тогуз айында эле зомбулукка байланыштуу арыздарын саны 1047ге жеткен. Мындай көрсөткүч аялдар өз укугун өзү коргогонго үйрөнө баштаганынан кабар берет дейт укук коргоочулар.

Белгилей кетчү жагдай, күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын тосмо арызы зөөкүрдүк кылган кишини жоопкерчиликтен куткарат дегенге жатпайт. Эгер милиция тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук фактысы каттала турган болсо, арыз түшөбү же түшпөйбү сөзсүз укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт.

Tags: аялдарзомбулуккүйөөсүталкууҮй-бүлөө

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Готовы ли США перейти черту в противостоянии с Ираном

10.02.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане стартует прием в государственные автошколы по обновлённым программам

10.02.2026
Безопасность

Экс-офицер армии США допустил территориальный передел Украины после конфликта

10.02.2026
Кыргызстан

Малая ГЭС «Ысык-Ата 2» за четыре месяца выработала более 14 млн кВт⋅ч

10.02.2026
Безопасность

Зеленский заявил о готовности документов по гарантиям безопасности Украины

10.02.2026
Кыргызстан

ЕС может ввести санкции против двух банков в Кыргызстане

10.02.2026
Кыргызстан

Жапаров ратифицировал кредит Саудовского фонда на строительство школ

10.02.2026
Новости

Представитель США сравнил отношения с Европой с воспитанием детей

10.02.2026
Кыргызстан

В нацпарке Ала-Арча установили новую канатную дорогу

10.02.2026
Новости

Посол РФ: товарооборот Кыргызстана и России может достичь $5 млрд

10.02.2026
National flag of Estonia waving in the wind n a clear day. horizontal tricolor featuring three equal bands of blue, black and white. 3d illustration render. Selective focus. Fluttering fabric
Аналитика

Президент Эстонии предлагает диалог с Россией и сталкивается с внутренним сопротивлением

09.02.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире