No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 26.12.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыштуу топтун 9 мүчөсүн кармады

07.02.2019

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тобу менен кармады. Бул тууралуу аймактык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы уюшкан адамдардын тобунда мыйзамсыз ок атуучу курал бар экени боюнча жана аларды Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде сактап жүрүшкөндүгү боюнча ыкчам маалымат алган.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү («Курал-жаракты жана ок-дарыны мыйзамсыз алып жүрүү») боюнча баштапкы текшерүү башталган.

«5-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын «Спутник» кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө-оперативдүү тобу барган учурда аталган батирдин ичинде 9 киши олтурган. Алардын арасында бирөө гана мурда соттолбогон, калгандары мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап сот жообуна тартылгандар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да болгон», — деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда документи жок, колго жасалган бир даана сайлуу ок атуучу курал, 10-65 калибрдеги 8 даана ок табылган. Алынган далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды.

«Тергөө учурунда жогорудагы мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок дарылар мурда тоноочулук менен соттолгон Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Чангыр-Таш айылынын тургуну, 1998-жылы туулган экендиги такталды. Ал Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы калган 8 жаран боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Териштирүү учурунда алардын арасынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар экени билинди.
Ал Автотранспортту тартып алуу, уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү менен соттолгон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

Жапаров объяснил высокие цены на ипотечные квартиры в Бишкеке

26.12.2025
Кыргызстан

В Кыргызстане предложили запретить продажу автомобилей без катализаторов

26.12.2025
Безопасность

Украинские мигранты лидируют по числу преступных задержаний в США - отчет DHS

26.12.2025
Безопасность

США наносят точечные удары по позициям ИГ на северо-западе Нигерии - СМИ

26.12.2025
Безопасность

Хантер Байден признал ошибкой работу в Burisma и назвал Украину страной с высокой коррупцией

26.12.2025
Кыргызстан

В Кыргызстане резко вырос спрос на медсправки для замены водительских прав

26.12.2025
Аналитика

Народный курултай превращается в ключевой инструмент управления и стратегического развития Кыргызстана

25.12.2025
Кыргызстан

Жапаров пообещал смягчить давление на бизнес и обсудить проверки с силовиками

25.12.2025
Кыргызстан

Жапаров объявил двукратное повышение зарплат учителям, медикам и работникам культуры с 2026 года

25.12.2025
Кыргызстан

Жапаров: Насилие в семье недопустимо и не останется без наказания

25.12.2025
Новости

Индия продолжит закупать российскую нефть, ориентируясь на выгоду - посол в Москве

25.12.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире