Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына багыт алган лайнер учуп чыккандан болжол менен 10 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон.
«Би-Би-Си» билдиргендей, учак Ява аралынын батыш жээктеринде деңизге кулаган. Анын бортунда канча киши болгону азырынча белгисиз.
Индонезиялык «Boeing 737-800» үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр учагы Жакартанын аэропортунан учуп чыккандан кийин кырсыкка кабылганы кабарланды.
«Lion Air» авиакомпаниясына таандык «Boeing 737-800» учагына 189га чейин киши батат.