No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 26.10.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кыз өз жанын кыйган соң, жигити өзүн атып өлтүрдү. Алардын акыркы каттары интернетке жарыяланды

06.12.2018

Ысык-Көл облусунда асынып каза болгон 19 жаштагы Нурзаттын Нурбек менен сүйлөшүп жүргөнүн ата-энеси жана курбулары дагы билген эмес. Бул тууралуу каза болгон кыздын жакындары Turmushбасылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдиришти.

Алардын айтымында, Нурзат [Н.Н., аты өзгөртүлдү] Жети-Өгүз районундагы орто мектепти аяктап, Каракол шаарындагы медициналык колледжде 2-курста окуп жаткан. Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болчу. Андан кийин эки бир тууганы бар. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенишет. Нурзатты туугандары жоопкерчиликтүү, дайыма жардам берүүгө умтулган кыз болгонун айтышат.

«Нурзаттын Нурбек менен сүйлөшүп жүргөнүн эч ким билген эмес, ал жада калса курбуларына, эжесине дагы айткан эмес. Анын телефону код менен гана ачылчу. Биз анын өлүмүнөн кийин телефонун ачып, Нурбек менен кат жазышканын көрдүк. Анда Нурбек айыкпас оору менен жабыркаганын айтып, анын жашоосу аз калганын жана жакында өлөрүн айткан. Нурзат өз кезегинде дарыгерлерге барып көрүнүү керектигин жана баары жакшы болорун айткан. Жигит бул боюнча дайыма жазып, бирок эмне диагноз экенин айткан эмес», - дешет жакындары.

Алар белгилешкендей, 28-ноябрда Нурбек Нурзат менен жолугуу үчүн Беловодск айылынан келген.

«Нурзат Каракол шаарындагы кичи райондордун биринде эжесинин үйүндө жашап жаткан. 28-ноябрда жигити менен жолуга турганын эч кимге айткан эмес. Ошол күнү ал айылдагы ата-энесинин үйүндө болгон. Ал эми ата-энеси улуу эжеси жана анын баласы менен ооруканага Бишкекке кетишкен. Алар Бишкектен айылга бара жатканда Нурзатка атасы телефон чалып, кеч болуп кете электе Караколго чыга беришин өтүнгөн. Нурзат айылдан чыгып жатканын Нурбекке жазган. Ал эми саат 20:30 - 21:00 чамасында Нурбек менен жолуккан.

Кийинки күнү Нурзаттын ата-энеси Караколго келишип, алар үй-бүлөсү менен бирге конокко барышкан. Конокто Нурзат ата-энесине телефонун жоготуп алганын айткан. Бирок анын What­sApp номуру онлайн болуп турган, демек кимдир бирөө анын телефонун текшерип жаткан. Болжол менен саат 17:30 чамасында алар коноктон чыгып, ата-энеси кыздарын Каракол шаарындагы үйгө таштап, өздөрү айылга кетишкен», - дешти алар.

Үйгө келгенден кийин Нурзат эжесине кичи автобустун айдоочусунан телефонун сурап келерин айткан. Ал телефонун балким ошол унаадан жоготуп алгам деп ойлогон. Ал эми эжеси эрте келишин суранып, башка жакка конокко кетерин билдирген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин улуу эжеси Нурзатты күтпөй эле конокко кеткен. Жолдон ал кызыл куртка кийген бала менен турган Нурзатты көргөн.

Эжеси унаадан түшкөндө ал жигит Нурзаттын жанынан ары баскан. Ал эми Нурзат ыйлагандыктан көзү шишип чыкканын көргөн. Эжеси Нурзатка тезирээк үйгө баруу керектигин айткан. Ал эми жоголгон телефону анын колунда болгон. Эжеси андан ары конокко кетип, ал жактан Нурзатка телефон чалганда өчүк болгон. Коңшусунан Нурзатты үйүнөн карап берүүнү өтүнүп, бир аз убакыт өткөндөн кийин кошунасы эшикти эч ким ачпай жаткандыгын билдирген. Ал ачкыч менен ачууну өтүнгөн, бирок эшик үйдүн ичинен бек болгон. Мындан улам ал дароо үйүнө жөнөгөн», - дешти жакындары.

«Достор, туугандарым менен эшикти талкалап кирдик. Кирсек, Нурзат эшикте өзүнүн шарфына асынып алган экен. Эмне үчүн ал өзүн өлтүргөнү бизге белгисиз. Анын Нурбек менен жазышканына караганда ал жигитинин оорусунан улам, жакында өлөрүн жазгандыктан ушундай кадамга барды деп ойлоп жатабыз. Ал бир нерсени жүрөгүнө абдан тез кабыл алган кыз болчу. Балким ал жигити жок жашагысы келбегендир», - дейт каза болгон кыздын эжеси Аида (аты өзгөртүлдү).

Каза болгон кыздын бир туугандарынын айтымында, эгер Нурбек Нурзат менен жазышкандай чынында эле айыкпас оору менен жабыркаса, анда аны аскерге алышмак эмес. Мындан тышкары, аскердик кызматта жарым жыл сайын медициналык кароодон өтүп турушат, эгер оорулуу болсо кароодон өтпөй, кызматтан бошотулмак.

«Жигит Нурзат менен жөн гана ойноп жатып, ушундай болду. Анын айткандарынан улам Нурзат асынып каза болду. Биз анын каза болгонуна ишенбей жатабыз. Азыркыга чейин шок абалдабыз», - деди туугандары.

Ал эми Нурзаттын курсташтарынын айтымында, ал сабактарды калтырбай, жакшы окучу.

«Окуя болгон күнү Нурзат эртең менен сабакка келген. Генетикалык медицина сабагына жакшы даярданып келип, жооп берген. Андан кийин үйүнө кеткен. Бизге жакшы мамиле кылчу. Иш-чараларга активдүү катышчу. Медицинаны аябай жакшы көрүп, окууну аяктасам, айылдагы ФАПта иштейм деп кыялданчу», - дешти алар.

Ал эми мугалимдери Нурзат сессиясын убагында бүтүрүп, жакшы окуганын айтат.

«Ал бюджеттик бөлүмдө билим алчу. Сабакты калтырбай, дайыма жакшы даярданып келген, коомдук иштерге активдүү катышкан кыз болчу. Дайыма бир калыпта жүрчү», - дешти мугалимдери.

Өзүн атып өлтүргөн жигиттин айылдаштарынын айтымында, ал үй-бүлөдө 3 бир тууган. Атасы алар кичинекей кезде каза болуп калган жана балдарды энеси жалгыз чоңойткон.

Ал эми Ысык- Көл ОИИБдин басма сөз кызматы учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы (болжолдуу Каракол шаарында) турак үйдөн 29-ноябрда жаш кыздын асылып турган жансыз денеси табылганы маалымдалган. Кийинчерээк анын өздүгү такталып, ал Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде 1999-жылы төрөлгөнү аныкталган болчу.

Анын эртеси, тактап айтканда 30-ноябрда ЖАМКтын Коргоо жана конвоирлөө департаментинде аскердик милдетин өтөп жүргөн жигиттин жансыз денеси табылган. Окуя Беловодск айылындагы түзөтүү абагында болгон.
Турмуш кж

Tags: жоокеркаттаркызсуицид

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Безопасность

Украинский депутат: будущие условия мира для Украины окажутся хуже Стамбульских

25.10.2025
Безопасность

На трассе Бишкек – Ош в двух авариях подряд погиб водитель и пассажир BMW

25.10.2025
Безопасность

Россия, США и Украина близки к дипломатическому соглашению

25.10.2025
Кыргызстан

Власти Бишкека объявили о планах по демонтажу более тысячи гаражей

25.10.2025
Коррупция

В Кыргызстане задержана правозащитница за вымогательство взятки

25.10.2025
Аналитика

Латвия пересматривает миграционную политику: между безопасностью и дефицитом рабочих рук

24.10.2025
Кыргызстан

Кыргызстан планирует поэтапно повысить акцизы на алкоголь до 2029 года

24.10.2025
Кыргызстан

Женщины Кыргызстана усиливают позиции в сфере зеленой энергетики - эксперт

24.10.2025
Безопасность

Эксперт МГИМО отметил прогресс стран Центральной Азии в урегулировании приграничных споров

24.10.2025
Кыргызстан

К 2050 году население Бишкека вырастет до 1,9 млн человек

24.10.2025
Безопасность

Садыр Жапаров подписал закон об отчетности некоммерческих организаций

24.10.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире