No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 19.11.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

«Ɵзүңөрдүн кыргыз исламын кургула»

18.11.2018

Исламдын заманбап светтик мамлекеттеги орду жөнүндөгү темага арналган эл аралык конференция ушуну менен Бишкекте экинчи жолу өтүп жатат. Анын жүрүшүндө ар кыл өлкөлөрдөн келген эксперттер, динаятчы окумуштуулар исламдын азыркы дүйнөдөгү ролу, мамлекеттик турмуштагы орду, негизги тренддер жөнүндө ой-пикирлерин бөлүштү.

Абу-Даби шаарынын билим берүү департаментинин төрагасы Али Рашид Абдулла Альнуайминин кыргыз исламын түзүүгө чакырган сөзү орчундуу болду.

«Цивилизациялуу коомдо бир баарыбыз жанаша тынч жашоо эрежесин сакташыбыз керек. Менин биринчи кеңешим: бардык жарандар, өкмөттүк эмес жана өкмөттүк уюмдар баары активдүү катышкан улуттук мамлекет болуш керек, экстремизм менен күрөшүү үчүн диний сабырдуулукка тарбияны биринчи класстан баштоо керек. Ɵзүңөрдүн кыргыз исламын кургула. Дагы бир жолу кайталайм, улуттук иденттүүлүктү сактоо жана калыптандыруу -Кыргызстандын аалымдарынын мойнундагы жоопкерчилик. Мамлекетте мамлекет болбош керек, баары бир бүтүн орган болушу керек»,-деди Али Рашид Абдулла Альнуайми.

Аталган ишмердин сөзү кыргыз коомунда ар башка кабыл алынышы мүмкүн, бирок көптөн бери талаштуу келаткан маселеге дал тийди. Ɵлкөдө соңку жылдары ислам динине жамынып алып улутту арабдаштыруу жүрүп жатат деген кабатыр пикирлер көп айтылып келатат. Ошол эле учурда исламдын жол-жобосуна туура келбейт деп улуттук каада-салты жерип жаткан көрүнүштөр көп болууда.

«Билимсиздик-наадандык»

Кыргызстан Аалымдар кенешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев кыргыз исламы дегенде салттуу исламды түшүнүш керек дейт:

«Кыргыз исламы дебейбиз, салттуу ислам дейбиз. Биздин ошол эле ханафи масхабынын негизиндеги матруйда акыйдасы деп айтабыз. Ошол негизде кетсек эле чындыгында биздин ошол биздин салттуу исламды эске алабыз. Бул деген исламдын негизинде, пайгамбарлардын сүннөттөрүнүн негизинде жана жергиликтүү калктын жана мамлекеттин менталитетине ылайыктуу динди инсандарга жайылтуунун жолу деп айтабыз. Бул жерде негизги маселе сырткы келбетке, көрүнүшкө караганда, ички жан дүйнөнүн байлыгына маани берүу маселеси коюлуп атат. Анын баары бүгүнкү күндө аткарылбай жатканынын бирден бир себеби билимсиздик -наадандык деп айтабыз».

Экинчи бир изилдөөчүлөрдүн пикиринде, кыргыз улуттук маданияты, каада-салты менен ислам нарктарын карама-каршы коюу түшүнүктүн тайыздыгынан, билимдин жоктугунан болуп жатат. А чынында кыргыз наркы да, ислам наркы да гуманисттик идеяларды алып жүрөт.

«Исламга негизделген эл»

«Кыргыздын каада-салты гуманизмге сугарылган. Дин баары эле ошол, айрыкча мусулман дини дагы гуманизмде. Демек, биздин кыргыз эли, анын генетикасы, башынан эле ислам динине негизделгендей элбиз өзү. Менин чоң атам беш маал намаз окуган. Саатка карабай, табият менен шайкеш болуп, убакытты билип, күн бүркөлүп бороон жүрүп турса да, атчан кетип баратса да көрпөчөсүн салып беш маал намаз үзбөй окуган аксакалдын тарбиясын алдым. Алар эми «Фатиха» менен «Ихласты» жаттап, мендей так айтпаса дагы окуп үйрөнүп алып, кудайдын бар экенине жүз пайыз ишенген. Мухаммед пайгамбарга жүз пайыз кулдук урган. Ошол мага айткан сөзү :«балам, ууру кылба, ушак айтпа, калп айтпа». Муну алар өздөрү аткарды, көрдүңүзбү»,-дейт кыргыз улуттук оюндарын жана салттарын изилдеп келаткан жазуучу Дүйшөн Керимов.

Кыргызстанда эгемендик жылдары диний эркиндик орногондон кийин көп жылдар бою мамлекет дин иштерине кийлигишпейт деген позициядан четте туруп келди. Бирок диний радикалдуулук мамлекеттин өзүнүн негиздерине коркунуч туудуруп баштаганда гана мамлекет дин чөйрөсүндөгү кырдаалды өзү башкарууга өттү. Бүгүнкү конференция учурунда президент Сооронбай Жээнбеков айткандай, мамлекет азыркы учурда эң оболу өзүнүн тарыхына, маданиятына таянып, келечек жолун эске алуу менен диний чөйрөнү тескөө саясатын жүргүзүп жатат десек болот.

 

Булак: ВВС

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Коррупционный кризис в Украине усиливается: расследование затрагивает «Энергоатом» и ближайших к президенту бизнесменов

18.11.2025
Uncategorized

Президент: разговоры о китайских рабочих могут быть частью политической игры

18.11.2025
Кыргызстан

Школьники Бишкека пройдут добровольное республиканское тестирование 22–23 ноября

18.11.2025
Безопасность

ГКНБ задержал директора Kav & Kev за нелегальных работников и подделку маркировки

18.11.2025
Безопасность

ФСБ заявляет о сорванном покушении на Шойгу - диверсантов курировали из Киева

18.11.2025
Кыргызстан

ГКНБ предупреждает: за превышение цен на мясо грозит уголовное дело

18.11.2025
Кыргызстан

Мэр Бишкека ограничивает вечерние мероприятия для снижения энергопотребления

18.11.2025
Кыргызстан

МВД Кыргызстана призвало китайских работодателей учитывать местные традиции и законы

18.11.2025
Кыргызстан

Сыдыков призвал крупных поставщиков снизить цены на товары первой необходимости

18.11.2025
Кыргызстан

Адылбек Касымалиев прибыл в Москву для участия в заседании глав правительств ШОС

18.11.2025
Аналитика

Эксперт из Казахстана: выборы в Кыргызстане показывают новую политическую культуру

17.11.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире