No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 11.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home

Өзбекстанда премьердин орун басары чырдан кийин кызматтан алынды

30.10.2018

 

Өзбекстандын премьер-министринин айыл жана суу чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча орун басары Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ал кызматтан эгин талаасына суу келбей калганы үчүн Ташкент облусунун Аккурган районунда алты адамды арыкка тургузуп, «жазалаган» окуядан кийин бошотулду.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Аккурган районунда алты кишини суу аккан арыкка салып, «жазалаган» окуя боюнча иликтөө жүргүзө баштады.

Жарыяланган билдирүүдө бул ишке аралашкан аткаминерлер жоопко тартылаары айтылган. Интернетте тараган сүрөт өзбек бийлик өкүлдөрүнүн өзүм билемдиги тууралуу талкууларга жем таштады.

“Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, алты кишинин үчөө – Аккурган райондук администрациясынын кызматкерлери, бирөө – маале аксакалы, экөө – жергиликтүү фермер. Бул сүрөт 25-октябрда аймакка Өзбекстан вице-премьер-министри Зоир Мирзаев келген күнү тартылган.

 

Булак: «centralasian.org»

Tags: арыкӨзбекстансаясатсууТашкентчыр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

От революции 1979 года до войны. История конфликта США и Ирана

10.03.2026
Новости

Трамп не смог убедить Индию отказаться от российской нефти

10.03.2026
Кыргызстан

ЦИК досрочно прекратил депутатские полномочия Конгантиева

10.03.2026
Кыргызстан

Депутат Куванычбек Конгантиев решил сложить полномочия

10.03.2026
Безопасность

Минсельхоз КР опроверг сообщения о вспышке ящура

10.03.2026
Кыргызстан

Минздрав КР предложил повысить акцизы на сладкие напитки

10.03.2026
Безопасность

SIPRI зафиксировал сокращение поставок оружия Украине в 2025 году

10.03.2026
Кыргызстан

Байсалов призвал избрать женщину на пост генсека ООН

10.03.2026
Безопасность

Путин и Трамп обсудили Украину, Иран и ситуацию на мировых рынках нефти

10.03.2026
Безопасность

Трамп заявил, что война с Ираном близка к завершению

10.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ввел шестимесячный запрет на экспорт скота

10.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире