No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 11.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Жалал-абадта жол курууда коррупция болгонбу?

20.11.2018

Социалдык тармактарда «Жалал-Абад шаарындагы Чехов көчөсүнө асфальт төшөө туура эмес жүргүзүлүп жатат» деген видео талкууланууда.

Иштин жүрүшүн жергиликтүү тургун Мирбек Уметалиев тартып алган. Анда тегизделген шагылдын үстүнө битум чачылбастан асфальт төшөлүп, жол куруу эрежелери сакталбай жатканы көрсөтүлгөн. Автордун билдирүүсүнө ылайык, асфальт төшөөдө битум отчёт үчүн гана кээ бир жерлерге өтө аз өлчөмдө чачылып, мындан улам анын үстүнөн төшөлгөн каражат жабышпай калат.

Мындан кийин андагы жол куруучуларга жана аларды көзөмөлгө албагандыгы үчүн шаар бийлигине карата сын-пикирлер жаай баштады. Айрым интернет колдонуучулар «жолду сапаттуу салбоо - акчаны асманга чачуу» деген пикирин жазышууда.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Жалал-Абад шаардык мэриясынан жооп алды.

«Жай айынан бери кеңейтилип жаткан Чехов көчөсү асфальтталып, аяктоо этабына келип жетти. Бул көчөнү реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 28 миллион сом акча каражаты каралган. “ВавилонМаркет” аттуу курулуш компаниясы тендерден жеңип, ишти 21 миллион 200 миң сомго жеңип алган.

Ал эми куруучулар иштин сапатына кепилдик беришерин, бүтө элек иштен кемчилик издеген туура эместигин айтышат. Интернет желесинде жарыяланган видеодо жолго төшөлчү жабышчаак суюктуктун ошол жерде эритилип жатканы, күндүн суугуна карабай жол куруп жаткандар сынга алынган. Суюктукту ысык кезинде жолго пайдалануу үчүн аны иш ордунда эле эритүү зарыл болгон. Азыркы тапта мында 6 техника жана 21 жумушчу күнү-түнү иш алып барууда», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Ал эми шаар тургундары ушул эле жылдын октябрь айында шаардын Пушкин көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу бөлүгү сапатсыз курулганын, шаар бийлигинин кийлигишүүсү менен ал жерлерге кайрадан асфальт төшөлгөнүн айтышып, бул абал кайталанбаса деген тилекте аракет кылып жатышканын кошумчалайт.

Айта кетсек, жол куруу иштери аяктагандан кийин эксплуатацияга берилерден мурун Мамэкотехинспекция жана тиешелүү мекемелер аралык комиссия текшерүүдөн өткөрөт.

Tags: Жалал-Абаджемкорлукжол салуукоррупция

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

От революции 1979 года до войны. История конфликта США и Ирана

10.03.2026
Новости

Трамп не смог убедить Индию отказаться от российской нефти

10.03.2026
Кыргызстан

ЦИК досрочно прекратил депутатские полномочия Конгантиева

10.03.2026
Кыргызстан

Депутат Куванычбек Конгантиев решил сложить полномочия

10.03.2026
Безопасность

Минсельхоз КР опроверг сообщения о вспышке ящура

10.03.2026
Кыргызстан

Минздрав КР предложил повысить акцизы на сладкие напитки

10.03.2026
Безопасность

SIPRI зафиксировал сокращение поставок оружия Украине в 2025 году

10.03.2026
Кыргызстан

Байсалов призвал избрать женщину на пост генсека ООН

10.03.2026
Безопасность

Путин и Трамп обсудили Украину, Иран и ситуацию на мировых рынках нефти

10.03.2026
Безопасность

Трамп заявил, что война с Ираном близка к завершению

10.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ввел шестимесячный запрет на экспорт скота

10.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире